Новость 21 июня
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

КРнын Айыл чарба жана мелиорация министринин статс-катчысы М.Ташболотов JICA башкы кеңсесинин улук кеңешчиси Кунихиро Токиданы кабыл алды. Жолугушуунун негизги максаты кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат. Өз кезегинде М.Ташболотов Япония менен болуп жаткан кызматташуу мамилеси абдан жакшы экендигин белгилеп, өзгөчө JICA нын айыл чарбасына көптөгөн салым кошуп келгендигин жана жакшы жыйынтыктар бар экендигин айтып өттү. Жолугушуунун алкагында улук кеңешчи Кунихиро Токида айыл чарба техникалары боюнча бир катар суроолоруна жооп алды. Мындан сырткары, Кыргызстандагы МТСди жеринде көрүп, айыл чарба техникалары кандай пайдаланылып жаткандыктарын көргүсү келгендигин билдирди. Айыл чарба министринин статс-катчысы жолугушуунун алкагында ирригацияларды жакшыртуу, айыл чарба техникаларын лизингге берилип жаткандыктары туурасында маалымат берип өттү. Маалыматка ылайык, жалпы 20 миң трактор бар болсо, анын 20% таптакыр иштебейт. Бүгүнкү күндө 15-16 миң трактор иштеп, элге кызмат көрсөтүп келет. Ал эми Айыл Банк аркылуу 1 млрд 800 млн сомго 1710 бирдик айыл чарба техникалары алынган.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок