Новость 21 июня

Жайыт департаментинин  жума аралыгында жасаган иш аракети жана Протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө маалымат

 Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу  Жайыт департаменти өз ишин Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2009-жылдын  19-июнунда № 386, токтомунун  негизинде жана бекитилген  иш планы менен Департамент жөнүндөгү жобого ылайык жүргүздү.
Информациялык иштер  жөнүндө
Жайыт департаментинин жетекчилери жана адистери жер-жерлерге барып, айыл аймактардын жайыт пайдалануучулары менен жолугушуп, аларга Кыргыз Республикасын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтомдору жөнүндө кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Департаменттин директору Нарын облусуна айыл чарба жана мелиорация министри менен иш сапарга барып келди.
Ошондой эле, 2016-жылдын 13-июнунда саат 8:00дө Суусамыр өрөөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин депутаттарынын катышуусу менен Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, алтыгана-караганды азайтуу боюнча көчмө жыйын өткөрүлдү. Көчмө жыйында алтыгана-караганды механикалык жол менен жок кылуу ыкмасын Жайыт департаменти демонстрациялап көрсөтүп берди. Жыйындын катышуучулары активдүү катышып, бүгүнкү күндөгү болуп жаткан жайыт маселелери боюнча комитеттин депутаттарына билдиришип, кызуу талкууда өткөрүлдү. Ал эми, талкуу бүткөндөн кийин көчмө жыйындын төрагасы М. Бакиров чечимди жарыялады. Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана-караганды  жок кылуу үчүн, химиялык, техникалык жана өрттөө ыкмаларын  колдонуп  эксперимент кылуу чечими кабыл алынып, эксперимент участкаларын аныктоо жана  каражаттар менен камсыз кылуу боюнча тийиштүүлөргө тапшырмалар берилди.
Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан уюштурулган окутууларга адистерибиз билим деңгээлин жогорулатуу максатында барып жана жыйынтыктоочу сынактарды ийгиликтүү тапшырып келишүүдө.

Протоколдук иштердин аткарылышы жөнүндө
2016-жылдын 14-июнундагы  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин аппараттык кеңешмесинин  №9  Протоколунун 6 жана 10-пункттарындагы тапшырмалар боюнча  төмөндөгүлөрдү билдирет.
Жайыт боюнча программаны даярдоо иш аракеттери көрүлүп жатат.
Июнь айында белгилене турчу “Аялдардын айыл чарбага болгон салымы” аттуу майрамына карата маалыматтарды алуу үчүн Департаменттин облустардагы адистерине атайын тапшырмалар берилди.              Тартипти орнотуу максатында Департаменттин адистерине атайын каттоо журналы ачылып, Департаменттин директору ар бир чогулушта кызматкерлерге тартип жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
Ар бир берилген тапшырмалар, отчеттор адистер тарабынан өз учурунда аткарылып турду жана жума сайын пресса кызматына маалымат берип турабыз  ошондой эле, министрдин  2016-жылы  түзүлгөн иш аракеттер планы толук көзөмөлгө алынган.

Корреспонденциялар жөнүндө
Жума ичинде Жайыт департаментине Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңешинин Аппаратынан жана министрликтерден, ведомстволордон , облустардан жана жайыт пайдалануучулардан  жалпы 19 кат, анын ичинен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынан-2, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан-3,  облустардан-12 жана башка ведомствалардан-2  кат келип түштү. Келген каттарга Департаменттин адистери   Кыргыз  Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 67чи «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамына ылайык,өз убагында жооп берип жатышат.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок