Новость 17 июня
1144953 3 2x

Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин
2016-жылдын 17-июньга карата республика боюнча жер семирткичтер жана пестициддер менен камсыздалышы жана зыяндуу организмдерге каршы күрөшүү боюнча маалыматы

2016-жылдын жазгы талаа жумуштарына республика боюнча айдоо аянттарына керектелүүчү азоттук минералдык жер семирткичтердин көлөмү 200,0 мин тоннаны түзөт.
Республикага 2016-жылдын 17-июньга карата 72,7 миң тонна жер семирткичтер алынып келген, камсыздуулук 36,37 % түзөт. 
Азыркы учурда жеке менчик фирмалар жазгы талаа жумуштарына керектүү жер семирткичтерин - аммиак селитрасын,карбамидди жана аммофосту - республиканын түндүгүнө Кара-Балта, Шопоков,Бишкек шаарларына - Россиядан ААК “СДС Азот”, жана Казакстандан  ТОО “КазАзот” , “КазФосфат” заводдорунан, алып келет.
Бишкек, Кара-Балта, Шопоков жана Ош шаарлары - жер семирткичтердин негизги ташып келуу пункттары болуп саналат, жана ал жактан республиканын башка аймактарына тарайт. Айта кетсек, МЖСти жугуртуу чек-арадагы соода менен да толукталат (Талас жана туштук облустары).
Мамлекеттик материалдык резерв фонду  аркылуу бардыгы болгону 15246 тонна жер семирткичтер түштүк регионуна алынып келинген. Минералдык жер семирткичтер, Мамлекеттик материалдык резерв фонду берген маалымат боюнчатуштуктөн түндүккө - 1350 тонна автотранспорт менен жеткирилген. Анын ичинен 03.06.2016 ж. – 290 тоннасы  сатылды.
25- мартан баштап минералдык жер семирткичтерди сатууну Өзбекстан тарап белгисиз себептер менен ММРФке жана жеке фирмаларга мурда түзүлгөн контрагына карабай убактылуу токтотушкан.
Азыркы учурда, ММРФ тарабынан мурда төлөнгөн 66 вагон же 4158 тонна көлөмүндө жалпы баасы 842 миң АКШ долларга минералдык жер семирткичтер жеткирилип берилет, анын ичинен 1890 тонна аммиак селитрасы жана 2268 тонна карбамид. Кийиинку жумада Баткен облусунун Кызыл-Кыя станциясына 1260 аммиак селитрасы, 1260 карбамид алынып келинет.
Республика боюнч 2016-жылдын  17-июньга карата күздүк дан эгиндердин азоттук жер семирткичтер менен азыктындырылган аянт – 123 мин түздү,  пландын 88 %.
2016-жылга карата пестициддерге болгон керектөө эсеби. 2016-жылга каратапестициддерге болгон керектөө эсеби – 558,5 тоннаны түзсө, 10-июнга карата 408,9 тонна базалардын жана чарбалардын складдарында бар, же б. а. камсыздуулук73,2 %ди түздү.
Анын ичинен үрөн ууландыргычтарга керектөө – 43,48 тонна, камсыздуулук – 33,64 тонна, же 77,4 %, гербициддерге керектөө - 296,1 тонна, камсыздуулук – 182,4 тонна, же 61,6 %, инсектициддерге керектөө – 163,8 тонна, камсыздуулук – 142,1 тонна, же 86,7 %, фунгициддерге болгон керектөө – 55,2 тонна, камсыздуулук – 50,8 тонна, же 92,1 % (2 - тиркеме).
Жаздык кылкандуу дан эгиндеринин үрөнүнүн ууландыруу планы республика боюнча 46,0 миң тонна үрөн болсо, бүгүнкү күнгө карата 34,6 миң тонна үрөн ууландырылды, же б.а. пландан 75 %ин түздү. (3, 4- тиркеме).
Отоо чөптөргө каршы химиялык иштетүүлөр158247 гектарда жүргүзүлүп, а. и. күздүк кылкандуу дан эгиндеринде - 64886 га, жаздык кылкандуу дан эгиндеринде – 31254 га, жашылча-жемиштерде -7825 га, кант кызылчасында - 3306, көп жылдык чөптөрдө -10 га картошкада – 4624га, жүгөрү - 24184 га. чанактуу дан эгиндери -16822 га.(5 - тиркеме).
Зыянкечтер жана илдеттерге каршы химиялык иштетүүлөр бүгүнкү күнгө карата 108468 гектарда жүргүзүлүп, а. и. мөмөлүү бактар гүлдөгөнгө чейин – 13145 га жана гүлдөгөндөн кийин 15307 гектарда, жашылча-жемиштерде-12664 га, көп жылдык чөптөрдө – 27616 га, дан эгиндеринде – 16540 га, картошкада – 14677 га, бахча – 3009га, май берүүчү өсүмдүктөрдө - 140 га, жүзүм-273 га,пахта-2300 га, төө буурчак -677 га. (6 - тиркеме).
Жаан-чачындын көп жаашы жана нымдуулуктун көп болушу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ар-кандай илдеттеринин (анын ичинен дат (ржавчина), жалган ак кебер (ложная мучнистая роса) ж. б.) көбөйүүсүнө жана кеңири таркалуусуна алып келет. Аталган шарттарды эске алып, ДХЗРдин район жана облустагы адистери кеңири масштабдуу изилдөөлөрдү жүргүзүшүүдө. Бүгүнкү күнгө ташып келүүчү фирмалар тарабынан фунгициддер республика боюнча жетиштүү өлчөмдө ташылып келинген, жана баалары 1 литр/кг – 600-800 сомду түзөт (же башкача айтканда 1 гектарга орточо 300-500 сомдун дарысы сарпталат).
Америкалык ак кѳпѳлѳкко каршы Чүй облусу боюнча изилденгени - 297 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы - 149 га, иштетилгени – 50 га.
Зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү чаралары боюнча маалымат.
Республика боюнчазыяндуу чегирткелерге изилдөө57161 гектарда жүргүзүлүп анын ичинен химиялык иштетүүгө жатат деп табылган аянт46041 гектарды түздү. Бүгүнкү күндө 45561гааянт микронерлер(4) тракторлор (5) жана учактар (1) менен иштетилди.
Жалалабад облусу боюнчаизилденгени -36067 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы- 28001га, иштетилгени – 28001 га (микронерлер менен - 23751га, тракторлор менен-4250 га).
- Аксы району боюнчаизилденгени - 25160 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы– 18400 га, иштетилгени – 18400 га (14150 га – микронерлер,4250 га - тракторлор менен).
- Ноокен району боюнча изилденгени - 9987 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы- 9071 га, жана 9071га микронер менен иштетилди.
- Өткөн апталарда Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл округунун аймагында зыяндуу чегирткелердин массалык тобунун жайыттарга зыян келтирип жатканы байкалган. ДХЗРдин Жалал-Абад облусу боюнча адистери жерине барып, изилдөө иштерин жүргүзүшүп, 530 гектар аянтта бар экенин табышкан. Аталган зыянкечти так аныктоо үчүн ДХЗРге келген үлгүлөр анализден өткөрүлүп, Канатсыз, же жөө кобылка (Бескрылая, или пешая кобылка) экени аныкталган. Азыркы убактагы тынбай жааган жаан-чачындардан улам, аталган айылдын адырлуу жерлерине техниканын чыгышы оор экенин эске алып, химиялык иштетүүлөрдү жаан-чачындар токтоп жана жер тоборсугандан кийин жүргүзүү керектиги максатка ылайыктуу. Ошонун негизинде 920 га изилденип,анын ичинен 530 га химиялык иштетүүгө жатат деп табылып ошол 530 га жердин баардыгына химиялык иштетүүлөр жүрдү.
Баткен облусу боюнчаизилденгени - 5794 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы- 4910 га, микронер менен иштетилгени - 4630 га.
- Баткен району боюнчаизилденгени - 1150 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылган - 1000 га, жана 1000 га микронер менен иштетилди.
- Лейлек району боюча изилденгени - 4644 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы -3910 га, микронер менен - 3630 га иштетилди.
Ош облусу боюнчаизилденгени - 15300 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы- 12570 га, микронер менен - 2500 га жана учак менен 10070 га. иштетилди.
Ноокат району боюнча изилденгени – 9300 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы – 8070 га, учак менен 8070 га. иштетилди.
- Араван району боюнча изилденгени - 6000 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы -4500 га, микронер менен - 2500 га жана учак менен 2000 га иштетилди.
Чуй облусубоюнча изилденгени 1100 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы 560 га, иштетилгени – 360 га (трактор менен):
- Чуй району Кегети а/о изилденди – 300 га, иштетүүгө жатат деп табылганы 260 га, иштетилгени – 260 га (трактор менен); 
- Панфилов району Фрунзе а.о. изилденди – 800 га, иштетүүгө жатат деп табылганы 300 га. иштетилгени – 100 га.(трактор менен).
Бүгүнкү күнгө карата баардык техникалар оң абалда, ГСМ жана пестициддер менен камсыз болгон.

 

 

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок