Новость 16 июня
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Жайыттар жакшырышы керек
Жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу, жайыттардын дегредациялык абалын төмөндөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация минисрлиги, Жайыт департаменти Суусамыр өрөөнүндө атайын семинар уюштурду. Бул семинар-кеңешмеге министр Т. Бекбоев, Жогорку Кеңеш депутаттары, Талас облусунун губернатору, республикадагы жайыт комитеттери, райондук айыл чарбасын башкаруу башкармалык башчылары катышты. Негизги маселенин өзөгү болуп Суусамырдагы жайытты Алтыгана-төө куйрук басып кеткенине байланыштуу аны жок кылуу процедурасы талкууланды. Практика жүзүндө аны кыркуу жолу көргөзүлүп, кийин жыйында окумуштуулар тарабынан аны химиялык жол менен жок кылуу сунушталды.
Талкууда андан тышкары жайыттарды туура бөлүштүрүү, алыскы жайыттарды пайдалануу да каралып, келгендер тарабынан бир катар сунуш-пикирлер айтылды.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок