Новость 15 ноября
1144953 3 2x

Урматтуу жер эненин берекесин ачкан фермерлер, дыйкандар, айыл чарба, кайра иштетүү жана суу кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен министрликтин жалпы жамаатынын атынан жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Республиканын айыл чарбасы жер жана агрардык реформа процесстерин жүргүзүүгө байланышкан тарыхий окуяларга мол, ары татаал,  ары сыймыктуу жолду басып өттүүдөбүз.

Ага элибиздин эмгекчил, кайратман уул-кыздары эбегейсиз  зор салым кошуп келе жатышат. Талаачылыкта эмгектенген Социалисттик Эмгектин Баатырлары Керимбүбү Шопокова, Зууракан Кайназарова,  Өлмөскан Атабекова, мал чарбачылыкта Таштанбек Акматов, жана башкалардын ысымын сыймыктануу менен атоого болот. Ал эми А.Мамытов, М.Лущихин, И.Ботбаев жана башка инсандарды туу тутуп, сиздер да ошолордой ак эмгек менен баар тапкан адамдардай болушуңарга чакырам.

Азыркы учурда дыйканчылыкта, мал чарбасында жана кайра иштетүү өнөр жайында базар экономикасынын шарттарына шайкеш келген, суроо- талабына ылайыкташкан алгылыктуу  тажырыйбаларга ээ болуп калдык.

Өткөн иштерден өрнөк алып, республиканын айыл чарба тармагын мындан ары да өркүндөтүү үчүн ар кимибиз тапшырылган ишке жоопкерчилик менен мамлиле жасап, өлкөбүздүн айыл чарба тармагын арттырууга мезгил келип жеткендигин белгилөө керек.

Урматтуу айыл чарба кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу чын жүрөгүмдөн куттуктаймын.”Эр эмгегин жер жебейт” дегендей ар дайым Жер-Эне менен сырдаш, мээнеттеш болуп, өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган жоопеерчиликтүү иштериңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалаймын.

Корооңор малга, кырманыңар данга, дасторконуңар нанга толсун.

 

 

 

 

Министр                                                                                                                                  Н. Мурашев

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок