Новость 14 июня
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Т.Бекбоевдин Нарын облусуна болгон иш сапарынан фото отчет.
КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Т.Бекбоев Нарын облусуна болгон иш сапарында бардык райондорду кыдырып, бир катар обьектилерде болду. Ат-Башы районундагы сапары Ак-Муз айыл аймагындагы Ветклиникада өткөрүлгөн семинарга катышуу менен башталды. Андан сырткары, Ат-Башы айылындагы сүт ишканасынын иши менен таанышты. Аталган ишкана бүгүнкү күндө сүттү кайра иштетип сыр чыгарышат. Айыл чарба министринин Жумгал районундагы иш сапарында  Көк-Ой насостук станциясынын иши, Баш-Кууганды айыл аймагындагы БСРдин иши менен да таанышуу болду. Ошондой эле Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл аймагынын Балык чарбасын дагы көрдү.Ал эми Кочкор районуна болгон иш сапарында Кочкор районунун Кеңеш насостук станциясынын ал-акыбалы менен жакындан таанышып чыкты. Кошумчалай кетчү жагдай, министр Т.Бекбоев Нарын облусуна болгон иш сапарында теңир тоолуктарды малды асылдандырууга жана кайра иштетүү тармагын колго алууга чакырды.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок