Новость 31 июля

Республикада 2018-жылдын түшүмү үчүн  айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттары боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын жазгы талаа жумуштарынын жыйынтыктоо отчету боюнча  2018-жылдын түшүмү үчүн Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттары төмөндөгүдөй:
2018 жылы бардык чарбалык категория боюнча жалпы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянты 1214,9 миң гектарды түзүп, өткөн жылга салыштырганда 8,3 миң га, же 0,7% жогору болду.
Мындан тышкары, күздүк себүү аянттары өткөн жылга салыштырганда 11,6 миң гектарга көп болгон же 7,9%  өскөн,
Ошондой эле, көп жылдык чөптүн аянттары өткөн жылга караганда 8,0 миң га, же 2,5 пайызга жогорулаган. 
Дан эгиндин себүү аянттары (чанактууларды, күрүчтү, кара күрүчтү  жана гречиханы) эсептебегенде 553,4 миң гектар болуп, өткөн жылга салыштырганда 8,2 миң гектарга, же 1,5 пайызга көбөйгөн, анын ичинен:
-буудай 253,8 миң гектарга себилип, 3,9 миң гектарга, же 1,6 % көп;
-арпа 193,1 миң га, же 0,4 миң га, же 0,2 пайызга көп себилди;
-дандык жүгөрүнүн  аянты 3,7%  жогорулап,105,1 миң га түздү;
Ал эми чанактуу өсүмдүктөрдүн аянты 61,6 миң га түзүп, өткөн жылга караганда 2,8 миң га же 4,8 пайызга жогору болду;
-картөшкө 84,4 миң га, же 1,7 пайызга көп;
-пахтанын аянты дагы 2,5 миң га, же 12,0 пайыз жогору;
-тамеки  0,1 миң га, же 12,6 пайыз түздү
Алэми кант кызылчанын себүү аянтты – 1,0 миң га кыскарып, же 6,0 пайыз төмөдөгөн,
Май өсүмдүгү – 4,3 миң га азайып, же 12,6 % төмөдөгөн.
Республика боюнча жалпы себүү аянттарынын дандык эгиндин эң жогорку себүү аянттынын үлүшү  (чанактуулар, күрүч жана кара күрүч гречиха) эсептебегенде төмөндөгүдөй болду:
Чүй облусунун чарбаларына 44,8 пайыз туура келет;
Ысык-Көл облусуна-16,0 пайыз;
Жалал-Абад облусу10,7 пайыз;
Ош  облусунда-5,5 пайызды түздү. ,
Чанактуу өсүмдүктөр
– Талас облусунун чарбаларында -92,7 пайызды ээлейт;
- Баткенде -3,2 пайыз;
- Чүйдө- 1,9 пайыз;
-Жалал-Абадда- 1,3 пайыз.
Республика боюнча картөшкөнүн жалпы себүү аянттынын салыштырма салмагы төмөндөгүдөй болду:
- Ысык-Көл облусунун чарбаларында 33,3 пайызды түздү,
- Ошто – 15,7 пайыз,
-Таласта-15,6 пайыз,
-Чүйдө – 13,3 пайыз,
-Жалал-Абадда – 10,8 пайыз
-Баткенде – 3,1 пайыз.
Республика боюнча жашылча өсүмдүгүнүн жалпы себүү аянттынын салыштырма салмагын алганда,
-Чүй облусунда 38,2 пайызды түздү,
Жалал-Абадда-21,1 пайыз,
-Ошто – 17,1 пайызды,
-Таласта – 8,1 пайызды  
-Баткенде – 6,3 пайыз.
Республика боюнча тоют өсүмдүгүнүн себүү аянттынын үлүшү, жалпы аяттына салыштырганда
-Чүй облусунда 29,4 пайызды түзөт,
-Нарында – 20,7 пайыз,
-Ысык-Көлдө – 17,0 пайыз,
-Ошто – 12,9 пайыз
-Жалал-Абад облусунда – 11,0 пайыз.
2018-жылдын түшүмү үчүн жалпы айыл чарба өсүмдүктөрдүн өсүшү өткөн жылга салыштырганда Жалал-Абад облусунун чарбаларында -1,1 пайызга,
-Ошто -1,0 пайызга;
Таласта -0,9 пайызга;
Ысык-Көлдө -0,8 пайызга;
Нарында -0,7пайызга;
Баткенде -0,6 пайызга;
Чүйдө -0,3 пайызга;
Бишкек ш.-10,9 пайызга;
Ош ш. -6,0 пайызга өскөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын

2018-жылдын 1-январына карата берилген маалыматы боюнча  республикадагы жалпы айдоо аянтты 1287,8 миң гектарды түзөт.
Айдоо аянттардын негизги  бөлүгү дыйкан, фермердик чарбаларга

тийиштүү – 924,1 миң гектар, же республика боюнча жалпы айдоо аянтынын 71,8 пайызын түзөт;
- мамлекеттик жана коллективдүү чарбалар – 54,4 миң гектар, же 4,2 пайыз;
Калктуу конуштардын айдоо жерлери  75,9 миң гектар, же 5,9 пайыз.

        Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонддун жерлер айдоо аянттары жана  айыл
өкмөттүн аймагындагы айдоолор 223,3 миң га, же 17,3 пайызды түзөт.
Бул жерлердин  керектүү бөлүгүн үрөнчүлүк, мал чарбачылык жана дыйкан фермердик чарбалар колдонушат.
            Айдоо аянттарынын башка категориядагы жер колдонуучулар 
(өнөр жай, транспорт, өзгөчө кайтарылган жаратылыш аймактары, токой жана суу фонддор
ж.б.) жалпы айдоо аянтынын 10,1 миң га, же 0,8 пайызын ээлейт.
      2018-жылы жалпы айдоо аянттынын  пайдаланылбаган  айдоо
 жерлердин аянты 67,3 миң 
га, же 5,2 пайызды түзүп,
өткөн жылга салыштырганда 7,5 миң га азайды.
Жалпы колдонулбаган айдоо аянтынын үлүшү облустар
 боюнча төмөндөгүдөй:
- Нарын облусуна 20,2 пайыз;
 -Таласска – 16,8 пайыз;
 -Жалал-Абадда – 15,0 пайыз;
 -Баткенде – 14,3 пайыз;
-Ысык-Көлдө – 12,0 пайыз; 
-Ошто – 9,7 пайыз;
- Чүйдө – 8,0 пайызды түзөт.
         Пайдаланылбаган айдоолордун негизги себеби болуп каттуу
 кайракы жерлер – 31,5 
миң га, (жалпы колдонулбаган айдоо аянттардын 47 пайызын түзөт), алыскы жана таштактуу – 11,9 миң га (18 пайыз), суу жетпеген жерлер жана сугат тармагынын оңдолбогон жерлери – 11,8 миң га (17 пайыз),
туздуу жана саздак жерлер – 3,1 миң га жана калктуу конуштардын кеңейүүгө – 3,2 миң гектар
(жалпы колдонулбаган айдоо аянттарынын 5 пайызынын негизинде).
 
Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок