Кыргыз Республикасынын Ветеринардык Статуардык органынын I Республикалык конференциясы өткөрүлдү
2018-жылдын 28-июлунда Ысык-Көл облусунда Корумду айылында “Симирам” конок үйүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак –аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Ветеринардык палатасынын Уставдык милдеттерин камсыздоо максатында Жеке ветеринардык адистердин 1- Республикалык конференциясын өткөрдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак –аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин адистери, Ветеринардык палатасынын адистери жана Республиканын 7 облусунун жеке ветеринардык вет врачтары катышты.
Конференцияда Ветеринардык палатанын ишмердүүлүгүнө жана анын келечектеги иш аракеттери боюнча маселелер, ветеринардык адистин кесиптик этика (жүрүм-турум) Кодекси, Ветеринардык палатага каттоого туруу үчүн жана кайра каттадон өтүү үчүн алынуучу төлөмдүн суммасы, ж.б. Ветеринардык палатанын ишмердүүлүгүнө тиешелүү суроолор талкууланып, иш-чаранын катышуучулары тарабынан суроолор берилип, жеткиликтүү жоопторду беришти.