2018-жылдын 23-июлуна карата Оруп жыйноо иштери тууралу маалымат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2-февралдагы 41-б буйругундагы айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн өз учурунда жыйноо иштерин уюшкандыкта өткөрүү боюнча атайын иш-чара иштелип, министрликтин тиешелүү жооптуу кызматкерлерине тапшырылган.
Быйылкы жылы өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн өз убагында оруп жыйноо боюнча региондун баардык облустарында жана райондорунда штабдар түзүлүп иштеп жатышат.
Облустар жана райондор боюнча кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноонун жүргүзүү үчүн графиктер иштелип чыгып бекитилди. Натыйжада республика боюнча кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери 20-июндан баштап 10-октябрь аралыгында, же 110 күндүн ичинде бүткөрүлүшү белгиленип, жыйноо иштери белгиленген графиктин негизинде жүргүзүлүп жатат.
Оруп-жыюунун жүрүшү боюнча массалык- маалымат каражаттары жергиликтүү облустук, райондук ошондой эле “КТР”, “ЭЛТР”, “МИР” телевидениелери жана КТРдин биринчи радиосу аркылуу интервюлар уюштурулуп жатат.
Учурда Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында картошка, жашылча жана бахча өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери жүрүүдө.
Картошка жыйноо- иштери 23- июлга карата 3,9 миң га аянты жыйналып, же жалпы аянттын 4,6 % түзөт.
-Түшүмдүлүк- 153,8 ц/га, же өткөн жылдан 1,8 ц/га көп болууда.
-Дүң жыйым 58,8 миң тоннаны түздү.
Жашылча жыйноо. дүң жыйым 153,7 миң тоннаны түзүп, 2017 жылга карата 22,2 миң тоннага көп.
Бахчанын- дүң жыйым 62,9 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга карата 3,6 миң тоннага көп болууда.
Кылкандуу дан эгиндеринин түшүмүн жыйноо. Республикада Ысык-Көл, Нарын облустарынан башка аймактарда кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштерин кызуу жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыкчам билдирүүлөрүндө облустарда, 2018- жылдын 23 – июлуна карата жалпысынан 132,1 миң га кылкандуу дан эгиндеринин айдоо аянттары жыйналып, баардык аянттардын 29,6 % түздү, же былтыркы жылдын денгээлинен 8,5 миң гектарга көп. Түшүмдүлүгү -26,5 ц/га түзүп, өткөн жылдан 2,0 ц/га көп. дүң жыйым-346,8 миң тоннага жетип, былтыркы жылдын денгээлинен 26,4 миң тоннага көп.
Анын ичинен буудайдын 71,5 миң га аянты, же жалпы аянттан 28,2 % жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк 28,4 ц/га жана былтыркы жылдан 1,3 ц/га көп болуп, буудайдын дүң жыйымы 201,2 миң га түзүп, былтыркы жылдан 16,5 миң тоннага көп болууда.
Ал эми арпанын 60,6 миң га аянты, же 31,4% жыйналды, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 4,1 миң гектарга көп, орточо түшүмдүүлүк 24,0 ц/га болуп, өткөн жылдын деңгээлинде, дүң жыйым 145,6 миң тоннаны түзүп, былтыркы жылдан 9,9 миң тоннага көп.
Ал эми Жалал-Абад , Баткен облустарында буудайдын түшүмдүлүгү 31,0-30,5 ц/га түзүп 2017-жылдан 1,0-0,1 ц/га көп болду.
Сузак району боюнча буудайдын түшүмдүүлүгү 39,5 ц/га түзүп, былтыркы жылдагыдан-2,3 ц/га көп болду.
Оруп жыйноо мезгилинде комбайндардын өз ара алмашып иштеши көзөмөлгө алынып, биринчи бышкан эгин талааларынан баштап кийинкилерге карап жылып орулуп барылууда. Мындай алмашуулар райондордун, облустардын ичинде жана бир облустан экинчи облуска барып жардам берилип жатат.
Аймактардан алынган маалыматтар боюнча оруп жыйноо иштерине колдо болгон комбайндардын 80-90 % катышып жатат.
Кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыюууда ар бир комбайнга болгон аянты (нагрузка) оточо 200-285 гектарды түзөт.
Дыйкандар 1,0 га жердеги буудайды оруп берүүгө түштүк облустарда- 3000-3500 сомдон, түндүк облустарда 2000 -2500 сомдон (соляркасы ичинде) акы төлөп жатышат.
Айыл чарба техникаларынын лизингинин долбоорлору боюнча быйылкы жылы фермерлерге 157 даана айыл чарба техникалары берилди.
Республиканын оруп жыйноо иштерине карата бардык нефтебазаларында жана май куюуучу бекеттеринде дыйкандарга жеткиликтүү баада болгон күйүүчү майлоочу материалдар бар. Керетелүүчү 33,9 миң тоннанын, 18,7 миң тонна дизелдик отун бар же 54,9 % түзөт. Орточо баасы 44,2 сом/литр түзөт. Автобензин – 7,0 миң тонна же 58,9%, орточо баасы 43,4 сом/литр түзөт.