Новость 14 июня
1144953 3 2x

Урматтуу кесиптештер, кадырлуу суу чарба кызматкерлери!
Бекеринен “суу - өмүрдүн булагы”- деп айтылбаса керек.  Себеби жер жүзү, адамзат жаралган күндөн тартып эле, бардык органикалык тирүү жандар үчүн өмүр тартуулагандардын бири бул – суу. Анткени суу ар бир жан үчүн керек жана маанилүү. Бизди ысыктан тосуп көлөкө тартуулаган, жазында бүчүр алып кооз көрүнгөн, мөмөсүн берип пайдасын тийгизген бак дарактар, суусуз даярдоого мүмкүн болбогон тамак-аш , азык-заттар да сууну талап кылышат. Адам баласы үчүн суу,  аба сыяктуу эле чоң мааниге ээ.
Биздин суу чарба кызматкерлери өлкөбүздө жүрүп жаткан айыл чарбасын реформалоо боюнча  натыйжалуу иштеп жатасыздар. Бүгүнкү күндө 2018-жылдын сугат мезгилине суу чарба объектилерин оңдоо, кайра калыбына келтирүү иштери кынтыксыз аткарылып, дыйкандарга сугат суулары үзгүлтүксүз толугу менен берилүүдө. Ошондуктан ар бирибиз сууну туура жана таза,  сарамжалдуу пайдаланып, сугат жерлерди өздөштүрүп, айыл чарба өсүмдүктөрүн суугаруу учурунда акыркы үлгүдөгү технологияларды пайдалануу менен тамчылатып суугарууну колго алуудабыз.  Бүгүнкү күндө өзгөчө көңүл буруп табигый сууларды үнөмдүү пайдалануу менен кайрак жерлерди сугат жерге айландырып алсак мамлекеттин экономикасына чоң салым кошобуз.
2018-жылы Кыргыз Республикасынын суу чарба тармагынын өнүктүрүү жөнүндө мамлекеттик программа кабыл алынып,  2018-2026-жылга чейин 18 ирригациялык инвестициялык долбоордун курулуш иштери  ишке-ашырылат. Анын ичинен 11долбоор республикалык буюджеттен каржыланса, 6 долбоору Кытай Эл Республикасынан бөлүнгөн гранттык акча каражаттары тарабынан каржыланып,1 долбоору Ислам өүктүрүү банкынан каржылануусу каралууда.
Андан тышкары учурда  Суу чарба жана мелиорация департаменти тарабынан өлкөдө бир канча обьектилер ишке кирип, жаңы каналдар курулуп мамлекетибиздин ошондой эле Айыл чарба министрлигинин өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымыңыздар чоң. Мындай жоопкерчиликтүү жана ардактуу ишиңиздерге албан ийгиликтерди, үй-бүлөөңүздөргө бакыт каалап, 17-июнь суу чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри  Н.МУРАШЕВ

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок