Новость 30 мая
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Айыл чарба министрлигинде ветеринардык палатасы тарабынан уюштурулган тегерек стол өттү
2018-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинде Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы менен Польша республикасынын Улуттук ветеринардык палатасынын ортосунда ишке ашырылып жаткан Твининг кызматташуунун үчүнчү этабынын жыйынтыгына байланыштуу тегерек стол өттү.
Тегерек столго, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, Польшанын улуттук ветеринардык палатасынын, КР Өкмөтүнүн алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, жеке ветеринардык адистердин райондук бирикмелеринин жана ветеринария тармагындагы илим изилдөө тармагынын өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдун күн тартибинде, Кыргыз Республикасында жаңыдан ветеринария системасынын курамына кирип, түптөлүп келе жаткан Ветеринардык палата институнун каржылык туруктуулугун жана эл аралык талаптарга ылайык өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган маселе каралды.
Министр Нурбек Мурашев өз сөзүндө региондорду туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу КР Президентинин жарлыгын аткаруу максатында министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерге кеңири токтолду.
Иш чаранын жүрүшүндө министр Н.Мурашев, Кыргыз ветеринария тутумуна Ветеринардык палата институтун киргизүү менен өлкөдө жеке ветеринардык адистердин кесиптик иш аракетин жөнгө салуучу натыйжалуу системаны курууга боло тургандыгына жана бул маселе министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалык иш аракеттердин бири экендигин белгиледи.
Чүй жана Талас облустарынын жеке ветеринарларынын 12 райондук бирикмесинин жетекчилеринин ар бирине 3500 Америка доллары өлчөмүндө техникалык колдоо көрсөтүү боюнча Сертификаттарды тапшырды жана бул техникалык колдоо министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жайыттарды жана малчарбачылыгын башкаруу” долбоорунун алкагында берилгендигин, көрсөтүлгөн жардам айыл жергесинде иштеп жаткан жеке ветеринардык адистердин ишмердүүлүгүн уюштурууга жакшы өбөлгө түзүп, алар тарабынан көрсөтүлүп жаткан ветеринардык кызматтын коопсуздугун камсыздоого шарт түзөөрүнө ишене тургандыгын белгиледи. Мындан сырткары аталган долбоордун алкагында, 280 жеке ветеринарга 1500 $, 48 жаш адиске 1000 $, алардын Устаттарына 400 $ өлчөмүндө жардамдар бериле тургандыгына, ошондой эле жайыттардын жана ветеринардык инфраструктураларды жакшыртуу максатында Жайыт пайдалануучулар бирикмелерине ар бирине орточо46 000 $  өлчөмдө каражаттар бөлүнүп жаткандыгына токтолду.

 

В министерстве сельского хозяйства,  прошел  Круглый  стол    по работе Ветеринарной палаты 
30 мая 2018 года в Министерстве сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики состоялся Круглый стол по завершению 3 этапа Твиннинг сотрудничества между Ветеринарным Статуарным органом Кыргызской Республики и Польской Национальной Ветеринарной палатой.
В работе Круглого стола приняли участия министр СХППиМ КР Нурбек Мурашев, представители Польской Национальной ветеринарной палаты, Государственной инспекции по ветеринарной и фитосанитарной безопасности при Правительстве Кыргызской Республики, районных объединений частных ветеринарных специалистов, а также специалисты в области ветеринарных наук.
В ходе Круглого стола участники обсудили вопросы, касающиеся  финансовой устойчивости и  развитие Ветеринарного статуарного органа в соответствии с международными стандартами, который вошел в систему ветеринарии Кыргызской Республики.
В своем выступлении министр сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики Нурбек Мурашев подробно рассказал о проводимых мероприятиях в рамках реализации указа президента Кыргызстана по объявлению 2018 года Годом развития регионов.
Вместе с тем в ходе Круглого стола министр Н. Мурашев отметил, что с введением Ветеринарной палаты в ветеринарную систему Кыргызстана можно создать эффективную систему регулирования профессиональной деятельности частных ветеринарных специалистов и данный вопрос является одним из направлений проводимых министерством реформ.  Кроме этого, в конце своего выступления  министр вручил Cертификаты  на получение материально-технической поддержки 12 руководителем районных объединений частных ветеринаров Чуйской и Таласской областей в размере 3 500 американских долларов каждому, общая сумма которого составила 42 000 $. Данная техническая помощь была оказана в рамках реализуемых министерством проектов, в частности, “Проект улучшения управления пастбищем и животноводством”. Министр выразил надежду, что данная помощь посодействует в организации  деятельности районных объединений и обеспечит качество  предоставляемых ветеринарами услуг.
Вместе с тем в рамках вышеуказанного проекта подчеркнул, что на грантовых основах выделяются денежные средства для 280 ветеринаров по 1500 $, 48 выпускникам по 1000 $, наставникам ветеринарных врачей по  1200 $,  а  также для улучшения ветеринарной инфраструктуры  для каждого пастбище пользователей выделяется в среднем 46 000 $.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок