Новость 8 мая
1144953 3 2x

Урматтуу улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери!
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Жалпы жер шарынын үчтөн бир бөлүгү жагымдуу маанай менен тосуп алып жаткан 9-май – Улуу Жеңиштин майрамы менен жалпыңыздарды министрликтин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын.
Биздин ата-бабаларыбыз өз урпактарынын бакубат жана бейпил турмушта жашоосуна кам көрүү максатында, баа жеткис асыл эрдиктеринин натыйжасында, биз бүгүн көз карандысыз, эгемендүү Кыргызстанда эркин жашап жатабыз.
Ошондой эле, аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын Улуу Ата Мекендик согуштагы өлбөс-өчпөс эрдиктери Кыргызстандын элинин эсинде түбөлүккө сакталып келүүдө.   Улуу жеңишти улантып, келечекте өлкөнү күчтүү, кубаттуу мамлекетке айлантып, элибиздин бакубат турмушун камсыздоо үчүн баа рыбыз өз салымыбызды кошуп, ак эмгек менен кызмат өтөйлү. Урматтуу мекендештер! Сиздерди Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, өлкөбүздө тынчтык жана бейпил жашоо каалайм!
Министр                                                                              Н.Мурашев

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок