Новость 20 марта
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Чүй облусунун Сокулук “ Ростик ” үрөн чарбасында   жазгы талаа иштерине карата семинар өткөрүлдү
2018-жылдын 19- мартында Сокулук районунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги , “Ростик” үрөн чарбасында жазгы талаа иштерине карата дыйкан-фермерлерди үрөн, күйүүчү май, заманбап техникалар жана минералдык жер семирткич менен камсыз кылуу максатында семинар өткөрүлдү.

Семинарга Чүй облусунун Сокулук районунун  мамлекеттик администрациясынын акимчилигинин өкүлдөрү,  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс катчысы М. Ташболотов жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн адистери, үрөн чарбалардын өкүлдөрү, “Айыл банктын” өкүлдөрү,  жергиликтүү дыйкандар-фермерлер катышты.
Семинардын жүрүшүндө, алдыңкы технологиялары жана үрөн менен камсыз кылуу, органа  минералдык жер семирткичтер жана айыл чарба экологиялык таза продукцияларын өндүрүү, химикаттарды пайдалануунун эрежелери, өсүмдүктөрдүн илдеттери жана зыянкечтерин алдын алуу, кредиттерди алуунун жолдору, кооперативдерди түзүү жана аны өнүктүрүү боюнча талкуу болуп, дыйкан-фермерлерге маалыматтар берилип талкуу болду.
Ошондой эле ушул райондун Кызыл-Туу айыл аймагында жаңы уюшулган “Насип-Дан” жана “Мечта” айыл чарба кооперативдери менен да таанышып, жер айдоо, үрөн себүү заманбап техникалардын жеринен көрүп кыдырып чыгышты.

 

 

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок