Новость 14 марта

Кыргыз Республикасынын чарбалык субьектилеринде жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жөнүндө 2018 жылдын
15- мартына  карата маалымат.

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-февралында кабыл алынган № 41 буйругуна  ылайык, жазгы себүү иштерин өткөрүүгө облус, райондордогу түзүлгөн штабдар тарабынан  зарыл чаралар көрүлүп жатат.
2018-жылдын түшүмүнө сунушталган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянттарынын түзүмү жана адисдештирүү боюнча жер-жерлерде окутуу-семинарлар өтүүдө.
2018-жылдын түшүмү үчүн -144,3 миң гектар жерге күздүк буудай, 15,2 миң гектарга арпа, же өткөн жылдан 13,5 миң га көп себилген.
Үстүбүздөгү жылы май өсүмдүктөрүнүн себүү аянты  азайышы менен буудай күрүч, жүгөрү,картошка жашылча-бакча кант кызылчасы, пахта жана тамеки өсүмдүктөрүнүн  көбөйүшү күтүлүүдө. Мындан сырткары акыркы жылдары элдин колундагы малдын башынын көбөйүшүнөн тоют багытындагы  өсүмдүктөрүнүн көбөйүшү болжолдонууда.
Жыйынтыгында жалпы себүү аянттары – 1 млн. 211,7 миң га аянтты түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 4,6 миң гектарга кеңейиши божомолдонууда (пайдаланылбаган  жерлерден). Мунун ичинен:
-159,6 миң га баардык күздүк дан эгиндери;
-347,8 миң га өткөн жылдагы көп жылдык чөптөрдүн аянты;
-704,2 миң  миң гектар жерде себүү жумуштары жүргүзүлүлөт. Бул көрсөткүч жалпы айдоо аянтынын 58,0% түзөт.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн структурасынын пайыздык  катнашы төмөндөгүдөй:
-50,7 % - баардык дан эгиндери;
-31,2 %; бардык тоют анын ичинен- 28,8% - көп жылдык чөп;
-6,9 % - картошка;
-5,3 % -жашылча, бахча өсүмдүктөрү;
-2,6 %-май өсүмдүктөрү;
-2,0 %-пахта;
-1,5% кант кызылчасы;
-1,0 % күрүч түзүүдө.
Жазгы талаа иштерин өткөрүүгө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү менен камсыздоо жана  себүү кондициясына жеткирүү болуп саналат.
Бүгүнкү күнгө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн менен камсыздалышы буудай-арпа орто эсеп менен 94,0 пайызга камсыз болду. Анын ичинен керектөөлүчү 60, миң тоннадан,– топтолгону 57,1 миң тонна түздү.
Жетишпеген үрөндөр жер-жерлерден түшкөн заявкаларга ылайык, мамлекеттик үрөн фондусунда топтолгон  жаздык буудай, арпанын, жүгөрүнүн,  картөшкөнүн эспарцет жана   беденин  үрөндөрү дыйкандарга товардык кредит катары бөлүнүп  берилип жатат.
Мындан сырткары донордук жардам катары Дүйнөлүк банктын колдоосу менен “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү 1,2 долбоору” аркылуу баардык облустарга-663,0 тонна сертификатталган биринчи репродукциядагы арпанын үрөнү жана  663,0 тонна аммофос минералдык жер семиркичтери берилүүдө.
Мындан тышкары, Эл аралык донорлордун финансылык колдоосу менен  Коомдук үрөн фондусу аркылуу: 
-327– тонна жаздык буудайдын,
  -616 тонна -жаздык арпанын,
   -891,5 тонна –картөшкөнүн, 29,5 тонна-эспарцеттин жана 2,9 тонна-беденин  үрөндөрү жерине чейин  жеткирип берип жатышат. 
Күйүүчү майлоочу материалдар    боюнча кол коюлган  өз ара кызматташуу Келишиминдеги макулдашуунун негизинде Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу материалдардын  дайыма  камсыз кылып, алардын баасын төмөндөтүү боюнча саясатын  жүргүзүп жатат.
Айтсак,  Газпром Нефть Азия ЖЧК нефтебазаларынан 2.40 тыйынга ал эми автомай куючу жайлардан 40.0 тыйынга чейин жеңилдетилген баада берүү жагы чечилди.  Ошондой эле “Партнер Нефть” компаниясы тарабынан дизелдик отундун баасын 7,0 пайызга чейин жеңилдетүү маселесин сунушташты.
Минералдык жер семирткичтерди, Республиканын  чарбакер субьектилер үчүн- 210,0 миң тонна азоттук, 162,0 миң тонна  фосфордук, 12,0 мин тонна калийдик минералдык жер семирткич талап кылынат.
Жеке ишкерлер жана фирмалардын күчү менен бүгүнкү күнгө орто эсеп менен 40,0 миң тоннадан ашык  азот жана фосфор минералдык жер семирткичтери алынып келинди. Анын  түндүк региондо-21,0 миң тонна, түштүтө-19,0 миң тоннасы бар.
Андан сырткары 2018-жылда 100,0 миң тоннага чейин жер семирткичин ташып келүүгө аракеттер болууда.
Минералдык жерсемирткичтерге болгон дүң баалары:
Аммиак селитрасы:
-(Өзбекстанда өндүрүлгөн) – 15,5-16,5 сом/кг;
-(РФ) - 18,0-19,5 сом/кг;
-карбамид (Өзбекстан)– 16,0-17,0 сом/кг;
-аммофос (Казакстан)– 21,0 сом/кг; суперфосфат (Казакстан) – 10,0-12,0 сом/кг; нитроаммофос – 25,0 сом/кг, диаммофоска -30,0 сом/кг түзөт.
Айыл чарба техникаларынын ремонтунун жүрүшү.Учурда Республиканын бардык облустарында тракторлорду, себүүчү жана жер иштетүүчү айыл чарба техникалардын ремонтун уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө. Жаздын эрте келишинен  чарбакер субьектилер айыл чарба техникаларын эртерээк даярдашууда, ал эми жогоруда айтылгандай алардын көпчүлүгү учурда жер айдап жатышат. 
Тракторлордун  78% , же республикада болгон 21504 трактордун 16709 даанасы ишке даярдалды.
-үрөн сепкичтердин -79,0%, же 2793түн 2201 даяр,
-трактор соколорунун -79,0%, же 8530дун 6739 даяр,
-тиштүү  малалардын - 90%, же 17399дун 15551 комплекти даяр.
Жеңилдетилген  кредит. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2018-жылдын  14-февралындагы № 92 токтому менен бекитилген «Айыл чарбасын каржылоо-6» долбоорунун алкагында «Айыл-Банк» ААК, РСК-Банк жана башка республиканын коммерциялык банктары аркылуу айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө акчалай кредит берилүүдө.
2018-жылдын сугат мезгилине даярдоо үчүн 190,0 млн.сом каралып, төмөнкү ремонттук иштердин көлөмүн аткаруу каралган: 
- чарбалар аралык каналдарды оңдоо – 412,8 км, баардык болгону 5786,7 км; 
- чарбалар аралык каналдарды тазалоо – 369,9 км; 
- гидротехникалык курулмаларды оңдоо – 1161 даана, баардык болгону 7659 даана;
- суу өлчөөчү постторду оңдоо - 1101 даана, баардык болгону 3236 даана; 
- насостук станцияларды оңдоо - 102 даана, баардык болгону 112 даана;  - скважиналарды оңдоо – 39 даана, баардык болгону 91 даана .
Аткарылышы боюнча: 2018-жылдын 13-мартына карата 111,3 млн. сомдук калыбына келтирүү иштери аткарылып, план боюнча 190,0 млн. сом, же 59 % түздү;  
-  203,6 км каналдар оңдолуп, план боюнча 412,8 км, же 49 %; 
- 202,6 км чарбалар аралык каналдар механизмдер менен шилендилерден (нанос) тазаланды, план боюнча 369,9 км же 55 %; 
- 578 даана гидротехникалык курулмалар оңдолгон, план боюнча 1161 же 50%;
- 587 даана суу өлчөөчү постор оңдолгон, план боюнча 1101 же 53%;  
- 52 даана насостук станциялар оңдолгон, план боюнча 102, же 51 %; 
- 19 даана скважиналар оңдолгон, план боюнча 39 даана, же 49 %.

Жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү. Быйыл жазгы-талаа иштери былтыркы жылга караганда эки жумага  эрте башталды. Республиканын түштүк облустарынын айыл чарба субьектилеринде жазгы-талаа жумуштарынын жүрүшү жакшы темпте өтүүдө.
Бүгүнкү күндө Баткен облусунда 4400 га аянты азоттук жер семирткичтер менен, Жалал-Абадда – 5300 га жана Ош облусунда 16700 га азыктандырылды.
Жер айдоо иштери өткөн жылдан 10-15 күнгө эрте башталды. Республиканын  дыйкан жана фермерлери  айдаган, же  19,8 миң га- жер айдашты.
Кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү иштери, былтыркы жылга салыштырмалуу республиканын түштүк региондорунда жогорку темпте жүрүүдө. Жалпы республика боюнча 16,6 миң га же былтыркы жылга салыштырмалуу 6,6 миң га көп эгилди.  Кара-Суу районунда жаздык буудай 1346 га, жаздык арпа 1358 га жерге айдалды. Ал эми, Ноокат жана  Араваан райондорунда болсо буудай 1938 га  арпа 35 га аянтка  эгилди.

 

Жашылча себүү иштери Ош облусунун Араван районунда , Жалал-Абад облусунун Ноокен, Сузак жана Базар-Коргон райондорунда кызуу башталып, жалпы 800 га аянтка отургузулду.
Картошка отругузуу жалпы республика боюнча 2.6 миң га аянтка отурузулуп былтыркы жылга салыштырмалуу 0.7 миң га көп болду.
Чүй облусунда жазгы талаа иштери жаңыдан башталууда.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок