Новость 6 марта
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

2018-ж.6-марты

300гө жакын жеке ветеринарлар өзүлөрүнүн билимин жогорулатышты

Талас жана Чүй облустарынын 300гө жакын жеке ветеринарлары 2017-жылы кошумча окуулардан өтүштү. Тренингдер Ветеринардык палатанын демилгеси менен КРнын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдында ишке ашып жаткан «Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу» долбоорунун алкагында болду.
Ветеринардык палатанын мастер-тренери, айыл чарба илимдеринин доктору Абдугани Абдурасулов адистер өз тармагында жыйынтыктуу иш алып барышы үчүн дайыма билимин жогорулатып туруусу, улам ооруларды дарылоонун ыкмалары өзгөрүлүп, жаңы препараттар пайда болуп жаткандыгын белгилейт.
Тренингде Жайыт комитеттеринин мүчөлөрү дагы жеке ветеринарлар менен кызматташып, жайыттарга оорулуу же эмделбеген малдардын жайылуусун эскертип турууга, жаныбарлардын оорулары туурасында да маалымат алышты.
Болуп өткөн окууларга үзбөй катышып келген Чүй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагынын жеке ветеринары Шайлообек Джумакеев ар бир кесиптин ээси билимин жогорулатып туруу маанилүү экендигин белгилейт. “Тренингдин алкагында жумушубузга тиешелүү көп билим алдык. Мурда жеке ветеринарларга эч ким деле көңүл бурчу эмес. Ал эми долбоордун иштеп башташы менен бекер окуулар жүргүзүлүп, гранттар берилип жакшы болду. Ишмердүүлүгүбүздө жугуштуу ылаңдардын алдын алуу боюнча иш планын түзүүнү, эмдөөлөрдү кантип жүргүзүү керек экендигин билдик. Башкысы жүргүзүлүп жаткан окутуу тренингтеринин алкагында жеке ветеринарлардын жана мал ээлеринин укук-милдеттери жөнүндө да кеңири маалыматка ээ болдук”, - дейт ал.
Ондон ашуун темада 2016-жылы 35 тренинг, 2017-жылы 103 окутуу тренингтери болуп өттү.
“Биздин негизги милдет жеке ветеринарлардын кесиптик билим деңгээлин дайыма жогорулатып туруусуна шарт түзүү, - дейт Ветеринардык палатанын директору Кубат Маматкулов. – КР Өкмөтүнүн 2018-ж. 15-январындагы “Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндөгү” №17 токтомуна ылайык, кээ бир мамлекеттик функцияларды аткаруу милдетин жеке ветеринарларга өткөрүп берүү каралган. Албетте мындай шартта, билимге жана кесипкөйлүккө болгон талап жогорулайт”, – дейт ал.
Курсту аяктаган ветеринарларга сертификаттар тапшырылыды.

 

6 марта 2018г.

Около 300 частных ветеринаров повысыли свою квалификацию

Около 300 частных ветеринаров Таласской и Чуйской областей прошли дополнительное обучение в 2017 году. Тренинги были инициированы Ветеринарной палатой в рамках проекта “Улучшение управления пастбищам и животноводством”, реализуемом Министерством сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации КР.
Мастер-тренер Ветеринарной палаты, доктор сельскохозяйственных наук Абдугани Абдурасулов: “Ветеринары должны каждый год повышать свою квалификацию. Наука не стоит на месте: обновляются методы лечения, появляются новые препараты”.
На тренингах информацию об актуальных болезнях животных получали также члены Жайыт комитетов, которые должны сотрудничать с ветеринарами, чтобы предупреждать выпас на пастбище больных или невакцинированных животных.
Постоянный участник тренингов частный ветеринар села Чапаево Московского района Чуйской области Шайлообек Джумакеев: “Мы получили много новых знаний на тренингах. Мы учились писать рабочие планы, проводить вакцинации и профилактические мероприятия. Узнали о правовой стороне нашей деятельности. Раньше государство не обращало внимания на частных ветеринаров. В настоящее время предоставляются бесплатные обучения, товарные гранты”.
В 2016 году было проведено 35 тренингов, в 2017 – 103 по десяти темам.
Директор Ветеринарной палаты Кубат Маматкулов: “Наша главная задача – сообщить частным ветеринарам об их ответственности над эпизоотической обстановкой в родном селе или аймаке. Ведь по постановлению Правительства КР №17 от 15 января 2018 года государство передает частным ветеринарам свои функции по охране здоровья животных. Соответственно, повышаются и требования к знаниям и профессиональным навыкам”. 
Завершившие учебный курс ветеринары получили сертификаты.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок