Новость 5 марта

Кыргыз Республикасынын чарбалык субъектилеринде жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жөнүндө 2018-жылдын  3-мартына  карата маалымат.

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-февралында кабыл алынган № 41 буйругуна  ылайык, жазгы себүү иштерин өткөрүүгө облус, райондордогу түзүлгөн штабдар тарабынан  зарыл чаралар көрүлүп жатат.
Өкмөттүн буйругу  менен бекиген 2016-жылдын түшүмүнө сунушталган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянттарынын түзүмү боюнча жер-жерлерде окутуу-семинарлар өтүүдө.
2018-жылдын түшүмүнө сунушталган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянттарынын түзүмү жана адисдештирүү боюнча жер-жерлерде окутуу-семинарлар өтүүдө.
2018-жылдын түшүмү үчүн -144,3 миң гектар жерге күздүк буудай, 15,2 миң гектарга арпа, же өткөн жылдан 13,5 миң га көп себилген.
Үстүбүздөгү жылы май өсүмдүктөрүнүн себүү аянты  азайышы менен буудай күрүч, жүгөрү,картошка жашылча-бакча кант кызылчасы, пахта жана тамеки өсүмдүктөрүнүн  көбөйүшү күтүлүүдө. Мындан сырткары акыркы жылдары элдин колундагы малдын башынын көбөйүшүнөн тоют багытындагы  өсүмдүктөрүнүн көбөйүшү болжолдонууда.
Жыйынтыгында жалпы себүү аянттары – 1 млн. 211,7 миң га аянтты түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 4,6 миң гектарга кеңейиши божомолдонууда (пайдаланылбаган  жерлерден). Мунун ичинен:
-159,6 миң га баардык күздүк дан эгиндери;
-347,8 миң га өткөн жылдагы көп жылдык чөптөрдүн аянты;
-704,2 миң  миң гектар жерде себүү жумуштары жүргүзүлүлөт. Бул көрсөткүч жалпы айдоо аянтынын 58,0% түзөт.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн структурасынын пайыздык  катнашы төмөндөгүдөй:
-50,7 % - баардык дан эгиндери;
-31,2 %; бардык тоют анын ичинен- 28,8% - көп жылдык чөп;
-6,9 % - картошка;
-5,3 % -жашылча, бахча өсүмдүктөрү;
-2,6 %-май өсүмдүктөрү;
-2,0 %-пахта;
-1,5% кант кызылчасы;
-1,0 % күрүч түзүүдө.
Жазгы талаа иштерин өткөрүүгө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү менен камсыздоо жана  себүү кондициясына жеткирүү болуп саналат.
Бүгүнкү күнгө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн менен камсыздалышы буудай-арпа орто эсеп менен 92,3 пайызга: керектөөлүчү 60, миң тонна,– топтолгону 51,7 миң тонна, чанактуу дан эгиндери май өсүмдүктөрү боюнча – 100 пайызга, картошка-96,4 %, жашылча-90,1%, пахта-73,6%, жүгөрү-90,5%, эспарцет- 81,3%, беде- 72,8%, бакча-69,2%  камсыз болгон.
Жетишпеген үрөндөр жер-жерлерден түшкөн заякаларга ылайык, мамлекеттик үрөн фондусунда топтолгон  жаздык буудай, арпанын, жүгөрүнүн,  картөшкөнүн эспарцет жана   беденин  үрөндөрү дыйкандарга товардык кредит катары бөлүнүп  берилип жатат.
Мындан сырткары донордук жардам катары Дүйнөлүк банктын колдоосу менен “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү 1,2 долбоору” аркылуу баардык облустарга-663,0 тонна сертификатталган биринчи репродукциядагы арпанын үрөнү жана  663,0 тонна аммофос минералдык жер семиркичтери берилүүдө.
Мындан тышкары, Эл аралык донорлордун финансылык колдоосу менен  Коомдук үрөн фондусу аркылуу: 
-327– тонна жаздык буудайдын,
  -616 тонна -жаздык арпанын,
   -891,5 тонна –картөшкөнүн, 29,5 тонна-эспарцеттин жана 2,9 тонна-беденин  үрөндөрү жерине чейин  жеткирип берип жатышат. 
Күйүүчү майлоочуу материалдар    боюнча кол коюлган  өз ара кызматташуу Келишиминдеги макулдашуунун негизинде Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу материалдардын  дайыма  камсыз кылып, алардын баасын төмөндөтүү боюнча саясатын  жүргүзүп жатат.
Айтсак,  ГазпромНефтьАзия ЖЧК нефтебазаларынан 2.40 тыйынга ал эми автомай куючу жайлардан 40.0 тыйынга чейин жеңилдетилген баада берүү жагы чечилди.  Ошондой эле “Партнер Нефть” компаниясы тарабынан дизелдик отундун баасын 7,0 пайызга чейин жеңилдетүү маселесин сунушташты.
Минералдык жер семирткичтерди, Республиканын  чарбакер субьектилер үчүн- 210,0 миң тонна азоттук, 162,0 ми тонна  фосфордук, 12,0 мин тонна калийдик минералдык жер семирткич талап кылынат.
Жеке ишкерлер жана фирмалардын күчү менен бүгүнкү күнгө орто эсеп менен 38,8 миң тоннадан ашык  азот жана фосфор минералдык жер семирткичтери алынып келинди. Анын  түндүк региондо-18,8 миң тонна, түштүтө-20,0 миң тоннасы бар.
Андан сырткары 2018-жылда 100,0 миң тоннага чейин  жер семирткичин ташып келүүгө аракеттер болууда.
Минералдык жерсемирткичтерге болгон дүң баалары:
Аммиак селитрасы:
-(Өзбекстанда өндүрүлгөн) – 15,5-16,5 сом/кг;
-(РФ) - 18,0-19,5 сом/кг;
-карбамид (Өзбекстан)– 16,0-17,0 сом/кг;
-аммофос (Казакстан)– 21,0 сом/кг; суперфосфат (Казакстан) – 10,0-12,0 сом/кг; нитроаммофос – 25,0 сом/кг, диаммофоска -30,0 сом/кг түзөт.
Айыл чарба техникаларынын ремонтунун жүрүшү.Учурда Республиканын бардык облустарында тракторлорду, себүүчү жана жер иштетүүчү айыл чарба техникалардын ремонтун уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө. Жаздын эрте келишинен  чарбакер субьектилер айыл чарба техникаларын эртерээк даярдашууда, ал эми жогоруда айтылгандай алардын көпчүлүгү учурда жер айдап жатышат. 
Учурда  78% тракторлор, же республикада болгон 21504 трактордун 16709 даанасы ишке даярдалды.
-үрөн сепкичтердин -79,0%, же 2793түн 2201 даяр,
-трактор соколорунун -79,0%, же 8530дун 6739 даяр,
-тиштүү  малалардын - 90%, же 17399дун 15551 комплекти даяр.
Жеңилдетилген  кредит. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2018-жылдын  14-февралындагы № 92 «Айыл чарбасын каржылоо-6» бекитилген долбоорунун рамкасында «Айыл-Банк» ААК, РСК-Банк жана башка республиканын коммерциялык банктары аркылуу айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө  айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө акчалай кредит берилүүдө.
Жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү. Быйыл жазгы-талаа иштери былтыркы жылга караганда эки жумага  эрте башталды. Республиканын түштүк облустарынын айыл чарба субьектилеринде жазгы-талаа жумуштарынын жүрүшү жакшы темпте өтүүдө.
Баткен облусунун Лейлек, Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен Сузак райондорнда  күзгү кылкандуу дан эгиндеринин азоттук жер семирткичтер менен 1,0 миң га аянтта  азыктандырылды.
Жер айдоо иштери өткөн жылдан 10-15 күнгө эрте башталды. Республиканын  дыйкан жана фермерлери  айдаган, же  11,8 миң га- жер айдашты.
Кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү иштери, былтыркы жылга салыштырмалуу жогорку темпте жүрүүдө.  Айрыкча,  Баткен облусунун Лейлек районунда кайракы жерлерге 4,7 миң Жалал-Абад облусунун Базар-Когон району 779 га  жазгы арпаны себишкен. Ал эми  Ош облусунун Араван, Кара-Суу  райондору жалпы  2153 га аянтта кылкандуу дан өсүмдүгүн эгишти.
Жашылча себүү иштери Ош облусунун Араван жана Кара-Суу , Жалал-Абад облусунун Ноокен районун да кызуу башталып, жалпы 561 га аянтка отургузулду.

                    

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок