Новость 26 февраля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Жумушка кабыл алынган 47 райондук техконсультанттар үчүн окутуулар башталды

Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү 47 техникалык консультантты жумушка алды.  Тендер январь айында өткөзүлүп, сынакка жалпысынан 190 адам катышкан. Эки техконсультант Чүй жана Талас облустарында облустук деңгээлде иш алып барышат, ал эми калганы райондук деңгээлде иштешет. Бишкек шаарында жаңы кабыл алынган техникалык консультанттар үчүн тренингдер башталды. Окутуу 26-февралдан тартып 1-мартка чейин министрликтин кызматкерлери тарабынан өткөрүлөт.
“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1” долбоору боюнча 13 адис Ысык-Көл жана Нарын облустарында, “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 2” долбоорунун алкагында 18 адис Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында жана “Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу” долбоору боюнча 16 адис иш алып барат. Ар бир техконсультант 10 Жайыт пайдалануучу бирикмелери менен иштеп, жайыттарды пайдалануу жана башкаруу боюнча жамааттык планды даярдоого, жайыттарга мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө, жайыт пайдалануучулар арасында жаңы технологияны таркатууга жардам беришет.
Жаңы жумушка алынган райондук техконсультанттар тренингде өздөрүнүн аткара турчу иштеринен баштап, Жайыт пайдалануучу бирикмелер менен кантип иш алып баруу керектигин үйрөнүшөт.
Тренингдин алкагында ОРСПнын учурдагы директордун убактылуу милдетин аткаруучу Сапарбек Тынаев айыл чарбасында ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча маалымат берип жатып, жайыттарды туура пайдаланууда техникалык консультанттардын жардамы абдан чоң экендигин белгиледи. “Буга чейин Чүй жана Талас облусунда иштеп келген техконсультанттар абдан жакшы жыйынтык беришти. Эми башка облустарда дагы өсүштөр болот деген ишеничтебиз”, деди С.Тынаев.

В Кыргызстане начаты обучающие семинары для 47 техконсультантов  по пастбище пользованию

В Кыргызстане начаты обучающие семинары для 47 техконсультантов по пастбище пользованию недавно принятых на работу, в рамка по реализации проектов в сфере сельского хозяйства.

Конкурс на места консультантов был проведен в январе  текущего года. В нем участвовали 190 человек. Два из 47 взятых на работу техконсультанта трудятся в Чуйской и Таласской областях на областном уровне, а остальные – на районных уровнях.
Семинары начались вчера, 26 февраля, и продлятся до 1 марта. Проводят его сотрудники Министерства сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики..

Каждый техконсультант  будет проводииь работу  с 10 объединениями пастбище пользователей и помогать им в составлении плана работ и проводить обучения по внедрению новых технологий.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок