Новость 22 февраля

Жайыт акысы 2017-жылы 6 миллион сомго көп жыйналды

2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы жайыт пайдалануу үчүн чогулган каражат алты миллион сомго көбүрөөк же 127 млн сомду түздү. Бул туралуу Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин директору Урматбек Мырзакматов билдирди. (Кеңири диаграмманы караңыздар).
Чогултулган каражаттын ичинен жайыт инфраструктуралары жакшыртылды: 2,5 миң километрден ашык жолдор, 235 көпүрөлөр оңдолгон.
Жайыттардын жакшыртуусу 2009-жылы “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын ишке кириши жана реформанын  өтүшү менен белгиленет. Жайыт тармагында болуп жаткан өзгөрүүлөргө Айыл чарба, тамaк-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде ишке ашырылган “Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүү” долбоору жана учурда иштеп жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 1, - 2”, “Жайыттарды жана мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртуу” долбоорлору себепкер.
У. Мырзакматовдун айтымында, жайыттар кыргыз элинин баа жеткис байлыгы болуп саналгандыктан жайыт жерлерин пайдаланууда рационалдуу колдонуу ар бир Жайыт комитетинин башкы максатына айланыш керек. “Бир гана Жайыт комитеттери эмес ар бир жайыт пайдалануучу жайытка аяр мамиле кылуу менен өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна салым кошот”, - деп белгилейт департаменттин башчысы.     

 

   В 2017 году за использование пастбищ собрано на 6 млн сомов больше

В 2017 году за использование пастбищ собрано на 6 млн сомов больше, чем в предыдущем, или 127 млн сомов. Таковы данные, предоставленные директором Департамента пастбищ, животноводства и рыбного хозяйства Урматбек Мырзакматов.
(Подробнее в диаграмме).
Определенная часть собранных средств направляется на улучшение
инфраструктуры пастбищ - построено или отремонтировано 2,5 миң км дорог, 235 мостов.
Напомним, что в 2009 году с принятием Закона КР “О пастбищах”в стране начались коренные изменения в сфере пастбищ. Было создано 454 Объединения пастбищепользователей, управление которым передано самим сообществам. Сегодня данные Объединения имеют под собой довольно прочную основу, так как с момента создания им оказывалось и оказывается большое содействие, как материально-техническое, так и консультационное, со стороны проектов “Сельскохозяйственные инвестиции и услуги”, “Развитие животноводства и рынка – 1, - 2”, выполняемых в Министерстве сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации КР с привлечением партнерских организаций.
“Пастбища – неоценимое богатство Кыргызстана. И все, кто использует пастбищные земли, должны бережно относиться к ним. Тем самым, они вносят свой вклад в обеспечение продовольственной безопасности всей страны”, - отмечает У.Мырзакматов.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок