Новость 21 февраля

Министрликте дене тарбия жана спорт
иштерин жакшыртуу боюнча аракеттер жүрө баштайт.

         Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин  аппараттык, түзүмдүк ведомстволук жана жер-жерлердеги түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлерин дене тарбия жана спортко кызыктыруу иштерин жүргүзүү боюнча  Министрликтин 2018-жылдын 16-февралында № 61-буйругу менен жумушчу тобу түзүлдү.  Жумушчу топту Министрдин орун басары Жаныбек Керималиев жетектейт.
Аталган буйруктун негизинде Министрликтин ведомстволук ишканаларына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери арасында ар жылы өткөрүлүүчү Спартакиадага  кирген ар бир спорттун түрү боюнча бекитилип, Спартакиадага активдүү катышуу үстүндө иш алып бару тапшырылган. Ишкана жетекчилерине бекитилген спорттун түрү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү, машыктыруу иштерине шарт түзүү, спорттук керектүү кийим-кечектер жана спорттук жабдыктар менен спортчу-кызматкерлерди камсыз кылууга жардам берүү иштери тапшырылды.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок