Новость 20 февраля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Айыл чарба министрлиги Кара-Балта жана Токмок  шаарларында дыйкан-фермерлерге  агрозоовет окутууларды өткөрдү

         2018-жылдын 19-20-февраль күндөрү  Кара-Балта жана Токмок  шаарларында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги  “Кайыңды-Кант” ачык акционердик коому менен биргеликте кант кызылчаны сапаттуу өндүрүүнүн жолдору , үрөнчүлүк, органа  минералдык жер семирткичтер жана топурактын асылдуулугу,  Айыл чарба экологиялык таза продукцияларын өндүрүү, өсүмдүктөрдүн илдеттери жана зыянкечтерин алдын алуу боюнча дыйкандарга, фермерлерге окуутуу, семинар өткөрүлдү.
Семинарга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин бөлүм башчысы Ж.Жумалиев, Коңшу өлкөлөрдөн келген компаниялар,  Республикалык топурак агрохимиялык станциясынын башчысы К. Исаев, “Кайыңды-Кант” ААК завдунун өкүлдөрү, Жайыл, Панфилов, Москва райондорунун айыл чарба адистери, жергиликтүү дыйкандар-фермерлер катышты.
Окуутууда, кант кызылчаны сапаттуу өндүрүүнүн жолдору , үрөнчүлүк, органа  минералдык жер семирткичтер,  топурактын асылдуулугу жана  өсүмдүктөрдүн илдеттерин жана зыянкечтерин алдын алуу боюнча презентациялар окулуп, маалыматтар берилди.
Семинардын жыйынтыгында жергиликтүү дыйкан-фермерлер кант кызылчанынын баасы тууралуу суроолорду беришип,  жеткиликтүү жоопторду алышты.

 

 

 

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок