Новость 1 февраля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

В  Министерстве сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики   состоялась коллегия по итогам 2017 года.
В Министерстве сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики состоялась коллегия по итогам 2017 года.  В работе коллегии также принял участие Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев. 
На коллегии были подведены итоги 2017 года,  утвержден  план работ министерства на 2018 год, а также утвержден план работ коллегии на 2018 год.
В своем выступлении  заместитель министра  Жаныбек Керималиев  отметил, что  за последние 5-лет по программе финансирования сельского хозяйства кредитование ФСХ для развития животноводства, растениеводства и перерабатывающей промышленности  было выделено 24,0 млрд. сомов. Одной из основных функций министерства  является  осуществление  государственной политики в сфере агропромышленного комплекса и растениеводства,  в этом направлении министерство  проводит в  регионах  обучающие  семинары, обучает  крестьян республики внедрению современные технологии для производства сельскохозяйственных культур,  использованию новых высокоурожайных сортов и гибридов,  что соответственно повысит уровень сельского хозяйства. По  программе Лизинга   предусматривающий длительный срок погашения  в 2017 году фермерам было выделено 363 единиц сельскохозяйственной техники.
За 2016-2017 годы в регионах было  создано  56 МТС.
В борьбе с  саранчовыми мы также наблюдаем  довольно значимые  и положительные результаты   в 2017 году было обработано более  106 тыс га.  земли зараженных этим опасным вредителем.
По итогам 2017года  сумма валового сбора сельскохозяйственной продукции составила  2млрд 073,8 млн., сомов  и темп роста составил 102,2%., а в растениеводстве темп роста составил 102,5 %.
Все внутрихозяйственые сети ирригационных и гидротехнических сооружений  были подготовлены к эксплуатации своевременно и качественно, правильное рациональное использование поливной воды, полив в вегетационный период также был проведен своевременно и в полном объеме, что  способствовало повышению урожая сельскохозяйственных культур.
Кыргызгипроземом проведена инвентаризация земельного фонда в 24 районах, увеличена площадь орошаемых посевных  на -59582,34 га.
В 2017 году  также были увеличены посевы приоритетных видов сельхозпродкуции: свеклы-на 6,0 тыс. га, хлопка- на 4,0 тыс. га, табака- на 400,0 га, садово плодовых – на 0,5-1,0 га, картофеля-на 1,7 тыс. га.
Вместе с тем была отмечена недостаточная работа районный управлений аграрного развития в части работы  с семенными хозяйствами по сортоомбену и внедрению новых гибридных сортов, а также  оказанию консультационных и информационных услуг фермерским и крестьянским хозяйствам.

 

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде 2017-жылдын   жыйынтыгы боюнча коллегия өттү   

 Коллегиянын отурумуна Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев катышты.
Коллегияда 3 маселе каралып, эң негизгиси 2017-жылдын жыйынтыгы болуп, жана 2018-жылына карат иш пландар бекилди.
Акыркы 5-жылдын ичинде “Айыл чарбаны каржылоо” программасы боюнча жеңилдетилген акча насыяларын берүү  жакшырып, 24,0 млрд. сомго чейин жетти.- деп баяндоосун министрдин орун басары Ж. Керималиев баштады. “Жылда өткөрүлүп туруучу “Талаа күнү” регионалдык семинарлары республиканын дыйкан-фермерлерине айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү боюнча заманбап технологияларды өздөштүрүүгө, жаңы жогорку түшүмдүү сортторду жана гибридтерди алууга, дыйканчылыктын деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түздү”.
Лизинг программасынын негизинде жалпы 2,1 миңден ашык, ал эми  2017 жылы  363 даана айыл чарба техникалар дыйкан жана фермерлерге узак мөөнөткө берилди.
Региондордо 2016-2017 жылдары  жалпы 56 МТС түзүлдү.
Чегиркелер менен күрөшүүдө жана карантиндик обьектилерди аныктоодо иштер жакшыра баштады.
Үрөнчүлүктү жана мал чарбасын асылдандырууну жакшыртуу боюнча Дотация, субсидия бердирүүгө карата Өкмөттүн токтомдору кабыл алынды.
"Кыргызмамжердолбоорлоо" тарабынан жер фондун инвентаризациялоо жүргүзүүүдө  24 район боюнча жалпы -59582,34 га сугат айдоо аянттарынын көбөйдү.
Тамчылатып сугаруу жана жабык грунтта жашылчаларды өстүрүү сыяктуу инновациялык технологиялар активдүү пайдалана баштады.
Мамлекеттик гана эмес, ички чарбалык ирригациялык тармактар жана гидротехникалык курулмалар өз убагында  сапаттуу даярдалып, сугат суулар рационалдуу  туура пайдаланылып, өз учурунда жана толук көлөмдө вегетациялык сугаруулар жүргүзүлдү, бул айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жогорулашына  көмөк болду.
Эми мен айыл чарба өндүрүүшүндөгү былтыркы жылдын  жыйынтыгы жөнүндө кыскача токтолуп кетейин.
Алсак, 2017-жылдын жыйынтыгы  боюнча 2 млрд.073,8 млн. сом суммада айыл чарба продукцияларынын дүң жыйымы өндүрүлүп,  2016-жылга салыштырмалуу  102,2% өсүү темпин түздү, мунун ичинен мал чарбасында 94 млрд. 20,3,5 млн.сомдук мал чарба продукциялары өндүрүлүп, өсүү темпи 102,0% түзсө,  талаачылыкта 108 млрд. 219,1 млн сомдук продукциялар өндүрүлүп 102,5 пайызга аткарылды.
Быйылкы жылы айылдык товар өндүрүүчүлөр үрөн минералдык жер семирткичтер, химикаттар, биологиялык препараттар  менен камсыз болушту. Дизельдик отун майлоочу май менен камсыздоодо да көйгөйлөр болгон жок.
2017-жылда  айыл чарба продукциясын өндүрүнүн жыйынтыгы  боюнча дыйкандарыбыз  дурус эле ийгиликтерге жетишти деп корутунду жасасак болот. Бирок бул жетишсиз, мунун үстүнөн биргеликте иш жүргүзүп, ушул ийгиликтерди 2018-жылда да бекемдешибиз зарыл.
Ошону менен катар негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянты,  айыл чарба продукциясына  болгон рыноктук талапка  жана экспорттук дараметке ылайык алмашып турду.  Өзгөчө, приоритеттүү болгон кант кызылча-6,0  миң га, пахта-4,0 миң га, тамеки-400,0 га, жашылча-бакча-0,5-1,0 га, картошка-1,7миң га жана   мөмө-жемиштердин аянттары-0,3 миң га чейин туруктуу  өсүүдө.
Акыркы үч жылда  которуштуруп айдоо жана жердин азыктуулугун  көтөрүү, ошондой эле тоют маселесин чечүү максатында көп жылдык чөптүн  аянты 322,5 миң га чейин жетти.

  • Себеби республиканын аймактарында жүргүзүлгөн жана жүргүзүлүп жаткан топурак изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары боюнча жылдан-жылга топурактын гумусу төмөндөп  айдоо  жерлеринин деградацияга чалдыккан фактылар бар. Республикабызда 1968-1994 жылдары баардык райондордун айыл чарба жерлерине топурак изилдөө жумуштарын аткарган. Акыркы 4-5 жылдан бери, топурак лабораториялары региондордон алыс болгондуктан, жалпы кайрылган дыйкан (фермерлердин) саны болгону 0,3-0,4% түзөт.

  Жыйынтыгында, республикада акыркы үч жылда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы себүү аянты бир калыпта оң тенденцияда өсүүдө.  Айтсак,  2015-жылы - 1185,9 миң га, 2016-жылы - 1192,2 миң га жана 2017-жылы 1207,1 миң га түзүп, 11,2 миң га өсүп,  3-жылда пайдаланылбай калган айдоо аянты 110 миң гектардан 74,8 миң гектарга чейин кыскарды. Муну ичинен:-6,0 миң га турак-жай жана курлушка, 1,0 миң. га көчкү,селге кабылган, 13,7 миң га алыскы таштак жерлер, 36,5 миң га  катуу кайрак экономикалык максатсыз, 12,0 миң га сугаттын жетишсиздиги жана 3,3 миң га шор жана саздуу жерлерди түзөт.
Айдоо аянтынын  эң көп пайызын, же - 51,2 %  дан өсүмдүктөрү жана чанактуулар ээлейт. Картошка - 6,9 %,  жашылчалар айдоо аянттын - 4,3 % түзөт. Ал эми пахта – 1,7%, кант кызылчасы – 1,5%, тамеки – 0,1% айдоо аянттарын ээлейт.

Оруп жыйноо иштеринин жыйынтыгы.
Республикабызда мурунку жылга салыштырмалуу 2017-жылдын жазындагы аба-ырайынын ыңгайсыз абалына карабастан, республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жазгы айдап-себүү жана оруп жыйноо иштерин оптималдуу агротехникалык мөөнөттө бүтүрүп алышына мүмкүндүк берди. 
Буудайдын түшүмүн оруп жыйноо иштерин  биринчилерден   болуп  Ноокен, Араван райондору 20-июлга карата бүткөрүшсө,  Чүй облусу толугу менен 30-августа, эң соңунда Нарын облусу октябрь айында бүткөрдү. 
Оруп жыйноо иштерине колдоо болгон комбайндардын республика боюнча 90-93%  катышты.
Буудай, май өсүмдүктөрү жана   кант кызылчадан башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү продукциясы былтыркы жылдан жогору болду. Өзгөчө картошка, жүгөрү, жашылча, бакча  өсүмдүктөрдүн түшүмдүлүктөрү да  гектарынан- 4,0-12,3 центнерге жогору болуп, 1,4 млн. тонна картошка, 653,4 миң тонна жүгөрү, 1,1 млн. тонна жашылча,  259,1 миң тонна бакча жыйналды. Республиканын пахта өндүрүүчүлөрү гектарынан 32,3 центнерден  алышып , өткөн жылдан түшүм -0,7 ц/га жогору болду.  Дүң жыйым- 63,3 миң тоннаны түзүп, өткөн жылдан 13,2 миң тоннага көп болду. Ошондой эле, жүгөрү данды өстүргөндөрдү да белгилеп кетүү керек, алар орто эсеп менен алганда 1 гектардан 63,3 ц/га алган, ал өткөн жылга салыштырмалуу  1,0 ц/га жогору,  ал эми  картөшкө өндүрүүчүлөр гектарынан 83,0 ц/га, же өткөн жылдан 1,7 ц/га жогору.
Республиканын облустарынын ичинен  жүгөрү, жашылча, пахтадан эң жогорку түшүмдүүлүккө  Жалал-Абад, Ош, Чүй облусунун дыйкан-фермерлери жетишишти. Ал эми Ысык-Көл, Чүй облусунун картөшкө өстүргөн дыйкандары ар гектардан 185,5-170,8, центнерден, же өткөн жылдан1,6-1,5 центнерге көп  алышты.
Ошондой эле, акыркы 3 жылда өзгөчө мөмө-жемиштердин түшүмдүүлүгү жана дүң жыйымы жогорулады. Деги эле келечекте республиканын  ички рынокторун  айыл чарба продукциясы менен толтуруу жана  ЕАЭБ мамлекеттерине экспорттоо жолу менен мөмө-жемиштер Кыргызстандын бренди болуп калышы керек деген максаттар коюлду. Ошондуктан, бул тармакты колдоо үчүн, жакшы түшүм беребеген, бал бонитети 40-ылдый, кыртышы ортодон төмөн үлүшкө гана берилген сугат айдоо жерлерине көп жылдык мөмө-жемиш дарактарды отургузууга уруксат берүү боюнча Мыйзам кабыл алынды.
Буудай, кант кызылчасынын түшүмдүүлүктүн төмөн болушунун себеби республика боюнча жаздын кеч келиши менен апрель, май айларындагы аба ырайы жаанчыл  болушу жана жай айында күндүн аномалдык тез ысып  кетүүсү, ошондой эле өз учурунда сугаттын жүргүзүлбөгөдүгү түшүмдүүлүккө терс таасирин тийгизди.
Күздүк айдап себүү иштеринин жыйынтыгы
2018-жылдын түшүмү үчүн 144,3 миң гектар жерге күздүк буудай, 15,2 миң гектарга арпа, же өткөн жылдан 13,5 миң га көп себилген.
Жалпы республика боюнча коюлган күздүк кылкандуу дан эгиндеринин сунуштарын Ысык-Көл жана Ош облустарынан башка облустардын баардыгы 100 - 106% чейин аткарышты.
Урматтуу коллегалар, жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматтар  справкада кеңири камтылган. Ошондуктан докладымдын негизги көңүлүн рынок шартында айыл чарба тармагын жакшыртуу жолдоруна токтолсом.
Баарыбызга белгилүү болгондой, республиканын тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында айыл чарбанын ролу өтө чоң.
Бул багытта агрардык секторду өнүктүрүү боюнча жакынкы   5 жылдыкка карата негизги багыты болуп Президентибиздин  “Региондорду өнүктүрүү жылы” жөнүндөгү Жарлыгы жана Өкмөттүн “Жаңы доорго – кырк кадам”  программасы болуп саналат. Бул программанын приоритеттүү багыттарына айыл чарбасын өркүндөтүү жана жаңы технологияларды киргизүүсү кирет. Мындан сырткары, жашыл экономиканы, анын ичинен органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, топурактын күрдүүлүгүн жаңы технологиялардын жардамы (ресурсту сактоо, климатттык шартка туруктуу айыл чарбасы, агрардык токой чарбасы) менен жогорулатуу, айыл чарба өндүрүшүнүн адистештирүүсүн оптимизациялоо менен кооперативдерди өнүктүрүү жана “өндүрүш – сактоо – кайра иштетүү – сатуу” логистикалык чынжырын бекемдөө иш-чаралары кирет. Бул жагдайлардын чечилиши айыл чарба продукцияларын экспорттоого чоң жардам берет.        
Министрлик, аталган багытта айыл чарба өндүрүшүн агробизнес жаатында өткөрүүгө умтулат. Ошондуктан, негизги функциясы болуп дыйкандарды жаңы билимдерге үйрөтүп окутуу жана айыл чарбасын өнүктүрүүнүн божомолдорун түзүүдө керектелүүчү технологияларга өз убагында жетүүсүн камсыздоо ишти систематизациялоо жана кырдаалды божомолдоо жөнүндө маалыматты анализдөө менен аны колдонуу болуп саналат. Башка багыттар болуп бул инфраструктурага, кайра иштетүү өндүрүшүнө инвестицияларды тартуу. Бул жагдайда донорлордун колдоосу чоң өбөлгө түзөт.
Ал үчүн ар бир мекеменин иши ийгиликтүү болушу үчүн, ал мекеменин аныкталган миссиясы, ишмердүүлүгүнүн айланасында багытталган башкы максаты болушу зарыл. Бирок, тилекке каршы,  Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Тогуз-Торо, Сузак райондору, Талас облусунун Бакай-Ата, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл , Чүй облусунан Сокулук, Панфилов райондорунун жана Нарын облусунун  райондук  агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилери анализде көрсөтүлгөндөй, агрардык саясатты жүргүзүүдө дыйкандарды окутуу, бизнес идеяларды аныктоо, өндүрүштү диверсификациялоо, товар өндүрүүчүлөргө жана айыл чарба продукциясын кайра иштеткендерге консультациялык жана маалыматтык кызматтарын көрсөтүү алкагындагы донордук жардамдарды тартуу ишмердүүлүктөрү өтө төмөн.  Ошондой эле, инфраструктураны өнүктүрүү – бул агробизнесте жогорку жыйынтыктарга алып келчү башкы фактор экендигин  жетекчиликке алышпайт.
Ошондуктан, райондук  агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчыларына,  дыйкандар тыкыс мамиледе иштеши зарылдыгы белгиленди. Көпчүлүк дыйкандар өздөрү демилге көтөрүп, жеке тажрыйбасы жана билиминин негизинде долбоорлорду түзүшөт. Мындай дыйкандарга биз колдоо көрсөтүп, бул потенциалды активдүү колдонушубуз зарыл. 
Мындан сырткары райондук  агрардык өнүктүрүү башкармалыктары менен үрөн чарбалары  сортторду алмаштыруу жана  жаңыртууну көзөмөлдөө жагында  жана айыл чарба үрөндөрүн өндүрүүдө заманбап технологияларды колдонуу жана аларды дайыма массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымдоодо  биргеликте иш жүргүзүшбөйт. Бүгүнкү күндө, 60тан ашык буудайдын жана 40тан ашык  арпанын сорттору катталган, а иш жүзүндө 3-4 гана эски сортторду себүүдөбүз.
Ошондуктан, акыркы жылдагы аномалдуу аба-ырайынын өзгөрүшүнөн агро окууларды жана семинарларды  өткөрүүдө жергиликтүү жана россиялык селекциядагы кургакчылыкка чыдамдуу вегетациялык мөөнөттөрү кыска 68-75 күндү түзгөн - Дордой 16, Данк, Касиет, Аракет, Кантская, Манас 20 буудайдын сортторун жана Мамлюк, Ростик, Нарын 27, Гетман, Вакула, Ратник, Приазовский вегетациялык мөөнөтү 65-75 күндүк арпалардын сортторун дыйкандарыбызга сунуштообуз зарыл. Аба-ырайынын өзгөчө шарттарында бул сортторду колдонуу менен дандын туруктуу түшүмүн алса болот.
Жогорудагы маселелердин негизинде, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын, айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизациялоо департаменти  анын регионалдык курамдары, үрөнчүлүк чарбаларынын жетекчилери,  жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары    менен биргеликте 2018-жылга чарбанын адистештирүүсүнө тиешелүү   айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча тийиштүү  иш-чараларды жүргүзүп дыйкан-фермерлерди сапаттуу үрөн менен камсыз кылууну    талап кылынды.
2017- жыл ичинде  тамак-аш жана кайра иштетүү  өнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча  жүргүзүлгөн иш аракеттерге токтоло кетсек. Укутук базаны бекемдоо жана жаңылатуу боюнча коп иш аракеттер болду.
  -Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2017-2021-жылдарга карата Программасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому чыкты.
(№ 191, 2017.30.03.)
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо-1” долбоорун бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу (№272-б, 2017.04.07  чыкты.)

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы №58 “Айыл чарбасын каржылоо – 5” долбоорун бектиүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтому  (№665, 2017.13.10.)
-Чыгарылып жаткан продукциянын сапатын жана коопсуздугун сапаттын эл аралык стандарттарын, анын ичинде тобокелдиктерди талдоо жана критикалык контролдук чекиттерди аныктоо принциптерине (ХАССП) негизделген тамак-аш продукциясынын коопсуздук менеджменти системасын киргизүү аркылуу жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерин каржылоо долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому (№669, 2017.13.10.)
Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын азыктарынын экспорту жалпысынан:
2017-жылдын январь-ноябрь айларында 237,9 млн. АКШ долларын түздү. Анын ичинде айыл чарба жана тамак-аш азыктарынын ЕАЭБ өлкөлөрүнө болгон экспорту
2017-жылдын январь-ноябрь айларында - 144,4 АКШ долларын түздү.
Ал эми, тармактар боюнча карасак 2017-жылдын 11 айында тамак-аш кайра иштетүү тармагынын продукциясы көп экспорттолгон же 80,2 млн. АКШ долларга. Өсүмдүк продукциясы 56,0 млн. АКШ долларга жана мал чарба продукциясы 8,3 млн. АКШ долларга экспорттолгон.
2017-жылдын он бир айында ЕАЭБ өлкөлөрүнө болгон экспорттун 50,8% Россияга (же 73,3 млн. АКШ доллар), 49,0% Казахстанга (70,7 млн. АКШ доллар), Беларуссияга 0,2% (311,2 миң АКШ доллар) жана Арменияга 0,01% (7,4 миң АКШ доллар)
ЕвроБиримдикке кирген өлкөлөргө экспорттоо 2017-жылдын январь-ноябрь айларында 7 327,6 миң АКШ долларын түзүп, анын ичинен Болгарияга – 3 055,4 миң АКШ долларына, Германияга 1 703,4 миң АКШ долларына жана башка өлкөлөрүнө 2 568,9 миң АКШ долларына экспорттолгон.
Негизинен ЕвроБиримдикке кирген өлкөлөргө төө буурчак, кургатылган жемиштер, пахта буласы экспорттолот.
Үчүнчү өлкөлөргө болгон экспорт 2017-жылдын январь-ноябрь айларында үчүнчү өлкөлөргө болгон экспорт 86,2 млн. АКШ долларын түздү. Анын ичинен дээрлик көпчүлүк бөлүгүн же болбосо 55,5% өсүмдүк продукциясы түзгөн. Тамак-аш кайра иштетүү продукциясы 37,8% жана мал чарба продукциясы 6,7% түздү. Экспорттун негизги багыттары Турция, Кытай, Иран жана башка өлкөлөр болуп саналат.
Айыл чарба азыктарынын экспортун жогорулатуу максатында министрлик тарабынан төмөнкү иш-аракеттер жүргүзүлгөн:
“Экспорттук кербен” жана “Экспорттук кербен 2” алкагында өлкөнүн аймактарында айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортоонун шарттары тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 173-б буйругу менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Товарлардын сапатын контролдоо, инспекция жана карантин боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу чиенин жаңы мөмөлөрүнө коюлуучу фитосанитардык талаптар жөнүндө Протоколу бекитилген.

 

Презентация итоги 2017 года для коллегии Скачать
Окончательная презентация на коллегию 31.01.18 Скачать

 

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок