Новость 31 января
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Айыл чарба министрлиги түштүк жергесинде дыйкан-фермерлерге окутууларды жүргүзүүдө

            2018- жылдын  31-январынан тартып он күндүк мөөнөткө Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын райондорунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин адистери Мал чарба жана өсүмдүк өстүрүү тармагын адисдештирүүдө прогрессивдүү технологияларды жайылтуу менен алдыңкы инновацияларды өздөштүрүү боюнча фермерлерге практикалык жардам көрсөтүү жана айыл чарба адистеринин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле, мал чарба жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн продукцияларын кайра иштетүү жөнүндө агрозоовет окуутууларды жүргүзүп, семинарларды өткөрүүдө.
Бүгүн  Баткен облусунун Лейлек районунда министрликтин адистери жергиликтүү дыйкан-фермерлерге презентацияларын окуп, маалыматтарды берип, агрозоовет окуутууларды өткөрдү.
Окуутууга, Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Б. Бекмуратов, министрликтин  башкы адиси Д. Мамбеталиев, Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департаменттинин жайыттарды башкаруу жана пайданалуу бөлүмүнүн башчысы Апсамат уулу Ырысали, Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департаменттинин жайыттарды демаркациялоо жана инвентаризациясы боюнча адиси Б. Абдураимов, Өзгөн балык чарбасынын директору З.Козубеков жана Лейлек районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айыл чарба адистери, Жайыт комитеттеринин төрагалары, жергиликтүү дыйкандар-фермерлер катышты.
Семинардын жүрүшүндө  Тоюттардын баалуулугу жана малдарды тоюттандыруу эрежелери, Жайыт абалын балоо жана мониторинг жүргүзүү, Өсүмдүктөрдүн негизги түрлөрү, Айыл аймактардагы жайыттардын тышкы чегаралар боюнча талаш-тартыш маселелер жана алардын чечүү жолдору, Карантин боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн оорулары жана зыянкечтери деген темаларда презентациялар окулуп, кенен маалыматтар берилди.
Семинардын жыйынтыгында дыйкан-фермерлер адистерге суроолорду беришип, жеткиликтүү жоопторду алышты.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок