Новость 1 июня
1144953 3 2x

Айыл чарбасы ата-мекендик жер семирткичке муктаж
26-май күнү органикалык жер иштетүүнүн технологияларын өнүктүрүү жана жер семирткичтерди туура колдонуу багытында республикалык семинар болуп өттү. КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан уюштурулган иш-чарага бардык облустардан дыйкандар чакырылып, жерди кунарсыздыктан сактоонун жол жоболорун үйрөнүштү. Андан тышкары, келгендерге ата-мекендик өндүрүштөн чыккан жер семирткичтердин көргөзмөсү тартууланып, тажрыйбалык негизде колдонуу ыкмалары көрсөтүлдү. Алсак, “Кыргыз-гумат”, “Био-КG”, “Кальпия”, “Эко-Агро” ишканалары органикалык жер семирткичтердин бир топ түрүн көргөзмөгө чыгарышып, Кыргызстандык дыйкандарга кантип мол түшүм алууга болору тууралуу маалымат беришти. Эске салсак, акыркы жылдары дыйканчылыкка керектүү талаалардын байымдуулугу азайып, түшүмдүн деңгээли түшүп кеткен учурлар арбын. Бул жаатта атайын концепция иштелип чыгып, 2020-жылга чейинки иш-чаралардын планы бекитилген. Жогоруда өткөрүлгөн семинар да, аталган концепциянын алкагында ишке ашырылды.
Жайыл РУСЛАНОВ, “Кыргыз Туусу”

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок