Новость 26 января
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Айыл чарба министрлиги Ысык-Көл облусуна Окутуу семинарларды өткөрдү

         2018- жылы  16-февралдан тартып беш күндүк мөөнөт менен  Ысык-Көл облусуна Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин адистери өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба тармагын адисдештирүүдө прогрессивдүү технологияларды жайылтуу менен кирешелүү жана экспорттук суроо-талапка ээ болгон айыл чарба өсүмдүктөрүн жаңы сортторун дыйкандарга сунуштоо менен дыйкан жана фермерлерди сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылуу, ошондой эле    айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, мал  чарба  продукцияларды кайра иштетүүдө  алдыңкы инновацияларды өздөштүрүү боюнча фермерлерге практикалык жардам көрсөтүү боюнча окутуу жүргүзүлүп, семинарлар өткөрүлдү.

 Семинарга Министрликтин алдындагы бөлүм башчылар Ж.Жумалиев, А.Ботоев, -“АДАИД (Кыргыз-Гумат) компаниясынын  жетекчиси-Ю.Таширов, Япон  Өкмөтүнүн «ДЖАЙКА» үрөнчүлүк  боюнча долбоорунун эксперти Шираи Масахиро, Республикалык топурак агрохимиялык станциясынын топтун жетекчиси У.Кобеев, Жайытты пайдалануу башкармалыгынын башкы адиси Н.Абатбеков, Ысык-Көл облусунун регионалдык химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин башчысы Ө.Усубакунов, Ысык-Көл облустук айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо борборунун жетекчиси А.Тюкебаев, Ысык-Көл облусунун суу пайдалануучулар Ассоциясынын башчысы Т.Казакбаев  жана дыйкан фермерлер катышты.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Аксуу, Ысык-Көл, Тоң, Түп райондорунда өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба тармагын адисдештирүүдө прогрессивдүү технологияларды жайылтуу менен кирешелүү жана экспорттук суроо-талапка ээ болгон айыл чарба өсүмдүктөрүн жаңы сортторун дыйкандарга сунуштоо менен дыйкан жана фермерлерди сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылуу, ошондой эле    айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, мал  чарба  продукцияларды кайра иштетүүдө  алдыңкы инновацияларды өздөштүрүү жана тамчылатып суугаруу менен сууну үнөмдүү колдонуу боюнча адистер доклаттарды окуп сунуштарын айтты.
Семинарга катышкан дыйкан-фермерлер суроолорду берип жетиштүү жоопторду алышты.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок