Новость 19 января
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

                                                 

Айыл чарба министрлиги кооперативдерди көбөйтүү жана  өнүктүрүү жөнүндө тегерек стол өткөрдү

Бүгүн Кыргыз  Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана
мелиорация министрлиги айыл чарба кооперативдеринин өнүгүүсүндөгү негизги   багыттар, көйгөйлөр, кооперативдерди  келечекте туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын ишке ашыруу, финансылык-кредиттик жана инвестициялык,  социалдык-экономикалык байланыштар аркылуу кооперативдерди куруу менен  региондорду өнүктүрүү  максатында тегерек стол өткөрдү.

Тегерек столго Кыргыз  Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрдин орун басары Э.Чодуев, министрликтин статс катчысы М. Ташболотов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары,  Кыргыз  Республикасынын  вице-премьер-министри Д. Кенекеев, Өкмөт Аппаратынын жетекчилери,   министрликтердин   жана  ведомстволордун өкүлдөрү, эл аралык   уюмдардын өкүлдөрү, айыл чарба кооперативдеринин жетекчилери,  «Айыл Банк»  ААК, КР Каржы  министрлигинин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

 

Айыл чарба кооперативдеринин өнүгүүсүндөгү негизги   багыттар  жана көйгөйлөрү боюнча Э.Чодуев презентациясын окуду.  Тегерек столдун жүрүшүндө региондорду өнүктүрүүдөгү кооперативдердин салымы жана социалдык-экономикалык байланыш аркылуу кооперативдерди куруу менен  региондорду өнүктүрүү масатындагы төмөндөгүдөй сунуштар жана көйгөйлөр айтылды.
Региондордогу дыйкан-фермерлерди, жергиликтүү тургундарды окутуу, аймактарга сүттү кайра иштетүүчү кооперацияларды куруу, көбөйтүү жана сүт багытындагы ири мүйүздүү малдардын асылдуулугун жогорулатуу жана башка сунуштар айтылды.
Тегерек столдун жыйынтыгында көйгөйлүү суроолор берилип жеткиликтүү жоопторду алышты.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок