Новость 30 декабря
1144953 3 2x

 

Урматтуу жер эненин берекесин ачкан фермерлер, дыйкандар, Суу чарба жана айыл чарба кызматкерлери!


Ардактуу кесиптештер!
Сиздерди  2018-Жаңы жылыңыздар  менен  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жалпы жамаатынын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!
Сиздердин Кыргызстандын Айыл чарба тармагын, экономикасын көтөрүүгө кошуп жаткан зор салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздер эбегейсиз күч менен убакытты талап кылган татаал тармакта эмгектенип жатасыздар. Сиздердин ушундай татаал жана өтө керектүү  ишмердигиңиздердин ийгиликтүү болуп, элге зор пайда алып келишин жана өзүңүздөргө зор шыктануу менен кубат тартуулоосун каалайм!
Жаңы жыл сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт, амандык менен береке жана өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн кызмат кылган ак эмгегиңиздерде жаңы ийгиликтерди тартуулаган ак жолтой жыл болсун!
Өрүшүңөр малга, кырманыңар данга, дасторконуңар нанга толсун.
Дагы бир жолу жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

 

Министр                                                                            Мурашев.Н.М.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок