Новость 19 декабря

Дыйкан-фермерлерди сапаттуу сертификацияланган пахтанын үрөнү менен камсыздоо жөнүндө семинар өттү

2017-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусунун өкүлчүлүгүнүн колегия залында жана “Ак-Тилек” ЖЧКунун базасында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Республикабызда стратегиялык жана экспортко багытталган пахта буласынын өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү жана дыйкан-фермерлерди сапаттуу сертификацияланган пахтанын үрөнү менен камсыздоо жөнүндө семинар өткөрдү.
Семинарга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Э.Чодуев жана Өзбек Республикасынын алдыңкы заманбап айыл чарба техникасы менен пахта өстүрүү жөнүндө “Узагротехмаштын”  теишелүү өкүлдөрү келген. КРнын Өкмөтүнүн Ош, Баткен, Жалал-Абад, облусунун өкүлдөрү жана дыйкан-фермерлер катышты.
С еминардын жүрүшүндө дыйкан-фермерлерди сапаттуу сертификацияланган пахтаныны үрөнү менен камсыздоо жана органикалык айыл чарбасынын келечеги боюнча талкуу болуп, презентациясын окулду. Пахта өстүрүүдө органо-минералдык жер меирткичти колдонуу жана топурактын асылдуулугун жакшыртуу боюнча видео ролуктер көрсөтүлдү.
“Ак-Текст” ЖЧКунун жетекчиси пахта өстүрүүсчү заманбап айыл чарба техникалары менен жана аны кайра иштетүүдө алдыңкы технологиялар боюунча маалыматтарды айтып берди.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок