Новость 18 декабря
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш  өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин коллегиясы өттү

2017-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш  өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин күн тартибине коюлган 2017-жылдын январь-сентябрь айларында тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр-жайы ишканаларынын өндүрүүсү, кооперацияны өнүктүрүү жана соода логистикалык борборлорун түзүү, Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин иш аракеттер тууралуу коллегиясын өткөрдү.
Коллегияга Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш  өнөр жайы жана мелиорация министри Н. Мурашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  аппаратынын Агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнүн  башчысы Т. Далбаев,  министрдин орун басарлары Ж. Керималиев, Э. Чодуев жана статс катчы М. Ташболотов, министрликтин алдындагы департаменттердин башчылары, бөлүм башчылар, Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчылары катышты.
Коллегияда аталган тактамада тамак аш кайра иштетүү тармагы боюнча өндүрүлгөн азык түлүктөрдүн көлөмү тармактар жана аймактар боюнча накталай жана пайыздык көлөмдө келтирилип, өткөн жылдык отчеттук мезгилине  салыштырмалуу өндүрүүнүн көлөмүнүн көбөйүшү же азайып кетүүсүнүн себептери, аталган тармакта кездешүүчү көйгөйлүү маселелер каралып, доклаттар окулду.
Ошол эле учурда республиканын аймагында соода логистикалык борборлорду куруу, айыл чарба субекттерин, кайра иштетүү ишканаларын ирилештирүү, кооперациялоо багытында тийиштүү токтомдор кабыл алынды.
2017-жылдын январь-сентябрь айларында тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр-жайы ишканаларынын өндүрүүсү, кооперацияны өнүктүрүү жана соода логистикалык борборлорун түзүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча маселелер каралып, доклаттар окулду.
Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан тийиштүү аймактарда заманбап мал союучу жана башка тамак-аш кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү, ЕАЭБ техникалык регламенттерине ылайык сапаттуу азыктарды иштеп чыгаруу багытында, кооперативдерди уюштуруу жана соода логистикалык борборлорду түзүү боюнча ишкерлер, дыйкан фермерлер жүргүзүп жаткан иш аракеттеринин жетишсиздиги белгиленди.

         Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин жана анын алдындагы мекеме уюмдардын жана  аймактык түзүмдөрүндө 2016 жыл ичинде бюджеттик, атайын жана башка каражаттарды пайдалануусунун Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан өткөрүлгөн аудиттин жыйынтыгында финансылык катачылыктарды  министрлик жоуюп, тийиштүү акча каражаттар кайтарылгандыгы белгиленди.

Кара-Суу районунун «Савай» айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн дренаждык тазалоо, калыбына келтирүү иштери боюнча  2011-жылдан бери кылынган иштер айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынбай ушул кезге чейин 9776,2 миң сом дебитордук карыз жабылбай келе жаткандыгын эске алып, жазма эскертүүнүн 3 пунктун аткаруу максатында, дыйканчылыкты, үрөн чарбачылыкты жана органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ж. Жумалиевке сөгүш берилип, жана жылдын аягына чейин бул маселени чечүүнү Ж. Жумалиевке тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин ишмердүүлүгү тууралуу доклаттар окулду.

Фитосанитардык талаптардын бузулушу боюнча келип түшкөн 92 нотификациянын ичинен:
1.Фитосанитардык сертификаттын жоктугу - 23 жолу:
- Жүк ташуучулар расмий түрдө фитосанитардык сертификат алуу үчүн кайрылышкан эмес.
2. Фитосанитардык сертификат жараксыз деп табылган– 5 жолу:
- фитосанитардык сертификаттар толук толтурулбаган;
- фитосанитардык сертификат мүчө мамлекеттердин аймагынан чыгып кеткенден кийин берилген;
-фитосанитардык сертификаттын мөөнөтү бүткөн (мүчө мамлекеттердин ичинде ФСС 30 күнгө берилет);
- фитосанитардык сертификаттагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамдуу түрдө күбөлөндүрүлгөн эмес;
- фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн транспорттук каражаттын номери учурдагы транспорттук каражаттын номерине дал келбөөсү.
3. Карантинге алынган продукциянын маркировкасынын жоктугу - 22 жолу:
- Бир топ жүк ташуучулар техникалык регламенттин ТР ТС 022/2011 «Азык заттары жана аны маркировкалоо» талаптарынан баш тартышат. Же болбосо продукциянын көрүнө турган жерине гана маркировка коюшат (бардык продукцияга эмес).
4. Карантиндик зыяндуу организмдердин табылышы – 21 жолу:
5. Окшош нотификациялардын кайталанып келгени – 21 жолу:
- бардыгы болуп келген 92 нотификациянын ичинен 21 кайталанып келген.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин коллегиясы күн тартибиндеги маселе боюнча талкуу жүргүзүп, айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алып, коллегиянын жалпы добушу менен тийиштүү токтом токтомдорду кабыл алды:
1. Департамент тарабынан 2017-жылдын тогуз айынын ичиндеги аткарылган иш-чаралары жөнүндө маалыматты  эске алынып,аткарган жумуштары жетишсиз деп табылсын;
2. Департамент тарабынан, Фитосанитардык сертификаттын жоктугуна, Фитосанитардык сертификат жараксыздыгына, фитосанитардык сертификаттар толук толтурулбагындыгына, фитосанитардык сертификат мүчө мамлекеттердин аймагынан чыгып кеткенден кийин берилгендигине, мөөнөтү бүткөн фитосанитардык сертификаттарды бергендигине, фитосанитардык сертификаттагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамдуу түрдө кубөлөндүрүлбөгөндүгүнө фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн транспорттук каражаттын номери учурдагы транспорттук каражаттын номерине дал келбестигине жол бергендиги үчүн Департаменттин башчысы А.С. Исаевге эскертүү берилди.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин коллегиясына Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин 2017-жылдын 9-айында аткарылган иштери тууралуу доклаттар окулуп,  министрликтин коллегиянын жалпы добушу менен тийиштүү токтомдорду кабыл алды:

 

  • Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменттинин директору У.А. Мырзакматовдун 2017-жылдын 9-айдын жыйынтыгы боюнча берген маалыматы жетишсиз деп табылсын.
  • Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин директору У.А. Мырзакматовго келтирилген кемчиликтери жана иш-кагаздарды өз мөөнөтүндө аткарбагандыгы үчүн эскертүү берилсин.
  • Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментине:

Жайытпайданалуубоюнча:
- 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында жайыт акы төлөмдөрүнүн көлөмүн көбөйтүүсүн камсыз кылсын;
- жайыт реформасын терен, жүрүшүн камсыз кылууга бардык иш- чараларды колдонуу менен активдүү иш алып барылсын.

  • райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары менен биргеликте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жайыт комитеттер менен мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт пайданалуу маселелер боюнча тыгыс иш алып барылсын.
  • “Элита”республикалык малдарды асылдандыруу станциясы аркылуу республикада жасалма уруктандыруу пункттарын суюк азот жана сапаттуу уруктар менен толук камсыздоо үчүн чечкиндүү иш алып барылсын.

Коллегиянын жыйынтыгында тийиштүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок