Новость 12 декабря
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Кыргыз-Корея окуу борбору ачылды

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак өнөр жайы жана мелиорация министрлиги күнөсканаларды куруу жана иштетүү боюнча теоретикалык жана практикалык жактан  окутуу иштерине өзгөчө көңүл бөлүнүп келүүдө. Бул иштер Кыргызстандагы  чет элдик долбоорлордун жардамдары менен биргеликте  ишке ашырылууда. Атап айтканда Министрлик Түштүк Кореянын  «Корея-Кыргыз Агроөнөржай борбору» долбоору эки мамлекеттин 20 жылдык дипломатикалык мамилени бекемдөө максатында жүргүзүлүүдө.
Үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Арал айылында кыргыз-корея окуу борбору (күнөсканалардын комплекси) бүткөрүлүп, анын төртүнчү жолку ачылышы болду жана жогорудагы комплекс Кыргызстандык корея диаспорасынын карамагына бир топ министрликтер менен ведомстволордун катышуусунда өткөрүлүп берилди.
Жогорудагы иш чарага катышып сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы М.Ташболотов Кыргызстандагы Түштүк Кореянын Толук ыйгарымдуу элчиси Дженг Бенг Ху, студенттер, дыйкан-фермерлер катышты.
Министрлигинин статс-катчысы М.Ташболотов өз сөзүндө Кыргызстандагы Түштүк Корея элчиси тарабынан мындай камкордук кыргызстандык фермерлер корея технологиясын ушул жерде эле үйрөнүүгө эң жакшы шарт түзүлгөндүгүн баса белгилеп кетти. Бул күнөсканалар базасында көптөгөн семинар-окуулар өткөрүлүп, республика боюнча дыйкан, фермерлерге көрсөтүү үстүндө иштер жүргүзүлөрүнө өзгөчө көңүл бөлүнөрүнө токтолуп кетти.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок