Новость 30 ноября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Кыргыз Республикасындагы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Ош шаарында айыл-чарба  техникаларын тапшыруу иш-чарага катышты


2017-жылдын 30-ноябрында Ош шаарында Ош, Баткен, жана Жалал-Абад облустарынын жайыт пайдалануучулар бирикмелерине 29 даана техниканы (тракторлор, экскаватор,-  бульдозерлер) жана 28 даана айыл-чарба шаймандарын (прессподборщиктер, соколор, прицептер) дыйкан, фермерлерге  тапшыруу аземи өттү.
Бул иш чарага  Кыргыз Республикасынын Айыл чарюба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги,  КРнын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвентициялоо агентствосунун (АРИС) колдоосу жана Эл аралык айыл-чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD)  каржылоосу менен биргеликте ишке ашырылууда.
Салтанаттуу иш-чарага  Ош шаарынын  биринчи вице мэри З. Аскаров, КРнын Өкмөтүнүн Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Т. Сарыбашев жана КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абат, Баткен облустарынын  ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, АРИСтин борбордук жана аймактык жетекчилери, Жайыт комитетинин төрагалары,  дыйкан, фермерлер катышты.
Иш-чаранын жүрүршүндө министр Нурбек Мурашев өз сөзүндө дыйкандар, фермерлер жаңы техникалар менен камсыз болуп, иштегенге жакшы шарттар түзүлүүдө, бул айыл чарба техникалары жайыт комитеттинин тандоосу менен алынды. “ Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү”- долбоорунун өкүлдөрүнө да өзгөчө ыраазылык билдирем.
 “ Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү- 2”- долбоорунун биринчи этабынын жыйынтыгы болуп эсептелет.
          Долбоор боюнча Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарына жалпы наркы 446 992 800 сомду түзгөн 173 даана техника алуу пландаштырылган. Бүгүнкү күнү биринчи этап менен жалпы наркы 83 353 829 сомдук 57 даана техника келди. Жакын арада жалпы наркы 363 638 971 сом болгон  116 техника келип түшөт.
Жогоруда аталган атайын техникаларга төлөнүүчү каражаттын жалпы суммасынан 25% дан кем эмес бөлүгү жергиликтүү бүжеттен жана коомчулуктун салымдарынын эсекбинен, калган бөлүгү донор –Эл аралык айыл чарбасынөнүктүрүү фонду тарабынан тээленет.
Ошондой эле долбоордун алкагында аталган облустарджын жайыт пайлалануучулар бирикмелери (ЖПБ) жайыттардын өзүн жакшыртуу ,жайыт инфраструтурасын жакшыртуу боюнча мал суу ичүүчү жайларды, жайытка кеткен жолдору жана кичи көпүрөлөрдү оңдөө, малдын ден – соолугун коргоо максатында ветерандык кызмат көрсөтүүчү жана мал кыркуучу  пунктарды уюштуруу, атайын оор кубаттуу жана айыл чарба техникаларын сатып алуу боюнча көптөгөи кичи долбоорлор ишке ашырылууда.

 

Министр сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики Нурбек Мурашев принял участие в церемонии вручения сельхоз теники.
          В южной столице прошла церемония вручения 57 единиц новой сельскохозяйственной техники пастбищным объединениям города Ош, Ошской области, а также Джалал-Абадской и  Баткенской областей.
В церемонии вручения  приняли участие  первый вице-мэр города Ош Замирбек Аскаров, полномочный представитель Правительства в Ошской области Таалайбек Сарыбашев, представители полномочных представительств Баткенской и Джалал-Абадской областей, представители Агентства общественного развития и инвестиций (АРИС), а также Фонда международного развития сельского хозяйства (IFAD).
 В своей речи министр сельского хозяйства отметил важность данного мероприятия для развития и улучшения условий работы фермеров пастбищных комитетов. Он также отметил, что данную технику Жайыт комитеты   выбрали на свое усмотрение в рамках  выделенных денежных средств и выразил благодарность всем участникам данного проекта по развитию животноводства.
Фермерам пастбищных комитетов  южного региона были вручены ключи от 29 новых тракторов и 28  единиц различной сельхозтехники (прицепов для тракторов, пресс-подборщиков, плугов).
По данным организаторов мероприятия, 57 единиц сельхозтехники – это только первый транш проекта Развития животноводства и рынка. Всего запланировано вручение 173 единиц сельскохозяйственной техники. Общая сумма проекта составляет 446 млн 992 тыс 800 сомов.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок