БУУнун (ФАО) Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун колдоосу менен Төмөнкү серафимовка социалдык стационардык мекеменин жер аянтына көчөттөр тигилди
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин демилгеси менен БУУнун (ФАО) Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун “Ото-Азия мамлекеттер ичиндеги азык-түлүк коопсуздукту бекемдөө жана тамак-ашты жакшыртуунун мүмкүнчүлүгүн күчөтүү” долбоору аркылуу Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Төмөнкү серафимовка социалдык стационардык мекемесине колдоо көсөтүп, 3 гектар жер аянтына алма, өрүк, алча бактарынын бир нече сорттогу көчөттө
БУУнун (ФАО) Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун колдоосу менен Төмөнкү серафимовка социалдык стационардык мекеменин жер аянтына көчөттөр тигилди
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин демилгеси менен БУУнун (ФАО) Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун “Ото-Азия мамлекеттер ичиндеги азык-түлүк коопсуздукту бекемдөө жана тамак-ашты жакшыртуунун мүмкүнчүлүгүн күчөтүү” долбоору аркылуу Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Төмөнкү серафимовка социалдык стационардык мекемесине колдоо көсөтүп, 3 гектар жер аянтына алма, өрүк, алча бактарынын бир нече сорттогу көчөттөрүн тигип беришти.
Төмөнкү серафимовка социалдык стационардык мекеменин 3 гектар жер аянтына бардыгы 1000 көчөт тигилген. Мындан ары, балык чарбасын дагы жөнгө салып ишке киргизүүнү көздөөдө.
Төмөнкү серафимовка социалдык стационардык мекеменин директору Б. Жунушов Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жана БУУнун (ФАО) Азык-түлүк жана айыл чарба уюмуна ыраазычылыгын билдирди.
рүн тигип беришти.