Новость 24 ноября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Саатына 2,5 тонна үрөн тазалоочу 33 техника дыйкандарга берилди

2017-жылдын 23-ноябрда Бишкек шаарында жайгашкан  ОСОО «Автомаш-радиатордо»  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин демилгеси менен Япония өкмөтүнүн гранттык эсебинен жана Бүткүл дүйнөлүк банктын долбоору аркылуу         Коомдук үрөн фонду Дыйкан, Фермерлерге дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн тазалоочу заманбап 33 техника берди. Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйкандарына 20, ал эми  Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына 13 техника берилди.
Россиядан алынып келинген  мобилдик  үрөн тазалоочу ПМС-2,5П үлгүсүндөгү машина саатына 2,5 тонна үрөн тазалайт жана электр кубатуулугу менен иштейт.

Иш чарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн агро өнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Т. Далбаев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.Керималиев , Япониянын Кыргызгызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ямамура Ёсехиро жана республиканын аймактарынын келген дыйкан фермерлер катышты.

Жыйындын жыйынтыгында техникаларды иштетип  практикалык түрүндө дыйкан- фермерлерге, үйрөтүү ,окутуу менен аяктады.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок