Новость 20 ноября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Жайыттардын деградация болушуна бөгөт коюуу, мал чарба жана балык чарба тармактарында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу  көчмө жыйын өттү
Бүгүн 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын жогорку кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетти жана КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” жана «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» Мыйзамдарынын иш жүзүндө аткарылышы, жайыттардын деградация болушуна бөгөт коюуу, мал чарба жана балык чарба тармактарында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар туралуу  көчмө жыйын өткөрдү.
Көчмө жыйынга Кыргыз Республикасынын жогорку кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитеттинин төрагасы А. Назаров, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары, эксперттери, КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлигинин орун басары Ж. Керималиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү, Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй областтык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн, Кыргыз мамжердолбоорлоо жана жерге жайгаштыруу интитутунун (Кыргыз Гипрозем), Кыргыз Жайыты бирикмесинин, Кыргыз мал чарба жана жайыттарды илимий изилдоо интитуттун, Кыргыз Улуттук Агрардык Университеттин өкүдөрү, Сокулук райондук администрациясынын жанарайондук агрардык өнүктүрүү башчылары, Айыл Өкмөттөрү, Жайыт комитеттери, фермерлердик чарбалар катышты.
Семиндардын негизки максаты Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” жана «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» Мыйзамдарынын иш жүзүндө аткарылышы жана аткарууда келип чыккан маселелерди талкуулоо жана чечүү жолдорун табуу, Деградацияга учураган жайыттардын абалын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иш-чаралар боюнча маалыматтарды алуу, Мал чарба жана балык чарба тармактарында  жүргүзүлүп жаткан иш- аракеттер менен жеринде барып таанышуу.
Көчмө жыйын Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Фрунзе айылында “Чабрец” фермердик асыл тукум заводунда ири мүйүздүү эт, сүт багытындагы асыл тукум уй-кой жандыктар жана асыл тукум жылкылардын жеринен көрүп таанышуу болду. Семинардын жүрүшүндө “Кавиар” балык чарбасы менен таанышып, жайыттарды жакшыртуу жана жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө талкуу болду.
Көчмө жыйындын жыйынтыгында жыйындын катышуучулары депутаттарга, эксперттерге суроолорду узатып татыктуу жоопторду алышты.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок