Новость 15 ноября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Урматтуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кызматкерлери, фермерлер, дыйкандар !

Күз айынын берекеси төгүлгөн ушул күндөрүндө Кыргызстандын айыл чарбасында  эмгектенген миңдеген дыйкандар менен фермерлер кош майрамды белгилеп олтурушат. Урматтуу жер эненин берекесин ачкан фермерлер, дыйкандар, айыл чарба кызматкерлери! Сиздерди айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация кызматкерлеринин кесиптик майрамы, ошондой эле Министрликтин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси менен Министрликтин жалпы жамаатынын атынан жана өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктаймын!
Республиканын айыл чарбасы 90 жыл ичинде коллективдештирүү, колхоз-совхоздук чарба жүргүзүү, согуш мезгилинен жабыркаган айыл чарба экономикасын көтөрүү, индустриялаштыруу, кайра түзүү жана жер жана агрардык реформа процесстерин жүргүзүүгө байланышкан тарыхий окуяларга мол, ары татаал,  ары сыймыктуу жолду басып өттү.
Айыл чарбасын өнүктүрүүдө элибиздин эмгекчил, кайратман уул-кыздары эбегейсиз  зор салым кошту. Талаачылыкта эмгектенген Керимбүбү Шопокова, Зууракан Кайназарова,  Өлмөскан Атабекова, мал чарбачылыкта Таштанбек Акматов, жана башкалардын ысымын сыймыктануу менен атоого болот. Ал эми А.Мамытов, Ж.Акималиев, М.Лущихин, И.Ботбаев жана башкалар айыл чарбасын ар тараптан изилдөөгө алып, илимий жактан негиздеп чыгышкан.
Кийин, Союз ыдырап, республикабыз өз алдынча эгемендүү мамлекет болгондон кийин айыл чарба тармагы чоң өзгөрүүлөргө дуушар болду. Өлкөдө жүргүзүлгөн жер жана агрардык реформанын жыйынтыгы менен айыл чарба багытындагы жерлер жеке менчикке берилип, колхоз-совхоздор таркатылып, базар экономикасынын элементтери ишке аша баштады.
Жеке менчик формасына ылайыкталган дыйкан (фермер) чарбалары, айыл чарба кооперативдери, акционердик коомдор, коллективдүү дыйкан чарбалары пайда болду.
Азыркы учурда дыйканчылыкта, мал чарбасында жана кайра иштетүү өнөр жайында базар экономикасынын шарттарына шайкеш келген, суроо- талабына ылайыкташкан алгылыктуу  тажырыйбаларга ээ болуп калдык.
Өткөн иштерден өрнөк алып, республиканын айыл чарба тармагын мындан ары өркүндөтүү үчүн ар кимибиз тапшырылган ишке жоопкерчилик менен мамлиле жасап, өлкөбүздүн айыл чарба тармагын арттырууга мезгил келип жеткендигин белгилөө керек.
Урматтуу айыл чарба кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар жана ошондой эле 90 жылдык мааракеңер менен дагы бир жолу чын жүрөгүмдөн куттуктаймын.”Эр эмгегин жер жебейт” дегендей ар дайым Жер-Эне менен сырдаш, мээнеттеш болуп, Өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган асыл иштериңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалаймын.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев

 

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Маалымат блогу