Новость 31 октября

Кара-Суу району “Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк жарманке күнүн” өткөрдү

25-октябрда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Кара-Суу райондук аргрардык өнүктүрүү башкармалыгы Ош шаарында “Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк жарманке күнүн” өткөрдү.
Иш чарага Ош шаарынын өкүлдөрү жана Кара-Суу районунун бардык айылдарынан чогулган дыйкан, фермерлер катышты.
Ош шаарында өткөн “Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк жарманке күнү” ишчарасына Кара-Суу районунун дыйкан, фермерлери өздөрү өндүрүрп-өстүргөн айыл чарба, азык-түлүктөрүн шаар тургундарына жана конокторуна базар баасында сатышты. Айыл аймактардан келген дыйкан фермерлердин айыл чарба продукцияларын сатуусуна керектүү шарттар түзүлүп берилди.
Иш-чаранын жүрүршүндө негизинен айыл чарба продукцияларына суроо талаптар көп болду жана  дыйкан, фермерлер арасында көптөгөн келишимдер түзүлдү.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок