Новость 31 октября

Ноокат шаарынын “Алма жарманке фестивалы” өткөрүлдү

2017-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Ноокат райондук  Агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жана ПРООН, АгроЛид, GIZ долбоорлору менен биргеликте Ноокат шаарынын борбордук аянтында “Алма жарманке фестивалы” өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз  Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы  жана мелиорация  министринин орун  басары Э. Чодуев, Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Кеңешинин  депутаты Т. Зулпукааров, Россия,  Кытай Эл Республикаларынын  консулдары,  Өзбекистан  соода-сатык  палатасынын Фергана облусунун өкүлүнүн бөлүм башчысы Б. Усмонов, “Каштан Элит Агрофирмасы” АЧКнын  директору А. Абдушукуров, Турция мамлекетинин  Бишкек шаарындагы өкүлү Башкурт Мустафа жана жер  адистери, дыйкан, фермерлер катышты.
Фестивалга райондун  дыйкан-фермерлери өздөрү өстүргөн айыл  чарба азык-түлүктөрүн анын ичинен алманын сорттору боюнча көргөзмөгө жана саттыкка коюшту.
Фестивалда Ноокат ройонунун бренди тууралуу конференция  өткөрүлүп, Өзбекстан  республикасынан  келишкен  өкүлдөр менен  дыйкандар ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок