Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы “Пахтаны өндүрүүдөгү заманбап алдыңкы технологияларды колдонуу жана жайылтуу” жөнүндө семинар өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы Нариман айыл аймагындагы “Оомат-Агро” үрөнчүлүк чарбасынын базасында 2017-жылдын 20-октябрында “Пахтаны өндүрүүдөгү заманбап алдыңкы технологияларды колдонуу жана жайылтуу” темасында облустук семинар болуп өткөрүлдү. Семинарга Ош жана Жалал-Абад облустарынын бардык райондорунун райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, дыйкан, фермерлер катышты.
КР Президенти А.Ш. Атамбаевдин Өзбекстан мамлекетине болгон иш сапарынын алкагында эки мамлекеттин ортосундагы түзүлгөн келишимдердин негизинде Кара-Суу районунун “Оомат-Агро” үрөнчүлүк чарбасына 1 даана пахта жыйноочу комбайн жана кошумча агротехникалык шаймандары менен алынып келинип, дыйкан-фермерлерге жардам көрсөтүлдү. Райондо пахта терүү кызуу жүрүүдө. Учурда пахтанын баасы 45-46-сом болуп жатат.