Новость 25 октября

 
Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан
   аткарылган иштери  боюнча 2017-жылдын 25-октябрына карата
М А А Л Ы М А Т

2017-жылы жазгы талаа жумуштары кеч башталгандыгына карабастан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан райондун дыйкандарын  керектүү үрөн, күйүүчү май жана жер семирткич менен камсыз кылуу боюнча аракеттер көрүлүп, Айыл чарба министрлиги аркылуу дыйкандар сапаттуу үрөөндөр менен камсыз кылынды тактап айтканда   Сары-Могол айыл өкмөтүнө жогорку сорттогу 25 тонна арпа жана 3 тонна эспарцет, Талды-Суу айыл өкмөтүнө 10 тонна арпа, Гүлчө айыл өкмөтүнө 5 тонна жана Үч-Дөбө айыл өкмөтүнө 5 тонна  арпа үрөөндөрү  бөлүнүп райондогу  ГФРЭнин өкүлчүлүгү аркылуу документтери бүткөрүлүп  райондун дыйкандарына  бөлүнгөн үрөөндөр таркатылып түшүмдөрү сапатуу жыйналып алынды. Ошондой эле   райондо “Алай-Агро” айыл чарба кооперативи аркылуу “Мамлюк” сотундагы 10 тонна арпа үронү баасы 19 сом жана “Ысык-Көл” сортундагы 300кг эцпарцет уронү баасы 65 сом дыйкандарга сатылып түшүмү жыйналып алынды.
Быйылкы жылы район боюнча белгиленген план тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалыматтар:
Арпа -658 гектар аянттан 17,0 центнерден түшүм алынып дүң жыйым  1118,6 тоннаны түзүп 100 % аткарылды, 2016-жылы 666 га аянттан  16,7 центнерден түшүм алынып дүң жыйымы 1112,2 тоннаны түзгөн.
Буудай- 195 гектар аянттан 26,5 центнерден түшүм алынып дүң жыйым 516,7 тоннаны түзүп 100 % аткарылды, 2016-жылы 220 га аянттан  25,6 центнерден түшүм алынып дүң жыйымы 563,2 тоннаны түзгөн.
Жүгөрү-208 гектар аянттан 56,8 центнерден түшүм алынып дүң жыйым 1181,4 тоннаны түзүп 100 % аткарылды, 2016-жылы 184 га аянттан  56,0 центнерден түшүм алынып дүң жыйымы 1030,4 тоннаны түзгөн.
Картошка-2629 гектар аянттан 167,0 центнерден түшүм алынып дүң жыйым 43904,3 тоннаны түзүп 100 % аткарылды, 2016-жылы 2590 га аянттан  166,4 центнерден түшүм алынып дүң жыйымы 43097,6 тоннаны түзгөн.
Жашылча-215 гектар аянттан 150,2 центнерден түшүм алынып дүң жыйым 3229,3 тоннаны түзүп 100 % аткарылды, 2016-жылы 218 га аянттан  149,9 центнерден түшүм алынып дүң жыйымы 3667,8 тоннаны түзгөн.
Май өсүмдүгү-   8 гектар аянттан 9,9 центнерден түшүм алынып дүң жыйым 7,9 тоннаны түзүп 100 % аткарылды, 2016-жылы 3 га аянттан  9,7 центнерден түшүм алынып дүң жыйымы 2,9 тоннаны түзгөн.
Бахча-10 гектар аянттан 193,3 центнерден түшүм алынып дүң жыйым 193,3 тоннаны түзүп 100 % аткарылды,2016-жылы 10 га аянттан  193,0 центнерден түшүм алынып дүң жыйымы 193,0 тоннаны түзгөн.
Пахта-  5 гектар аянттан 26,3 центнерден түшүм алынып дүң жыйым 13,1 тоннаны түзүп 100 % аткарылды,2016-жылы 5 га аянттан  26,0 центнерден түшүм алынып дүң жыйымы 13,0 тоннаны түзгөн.
Кесек тоют- 2017-жылгы  81435 тонна тоют даярдоо пландаштырылса 85120 тонна тоют даярдалып белгиленген тапшырма 105 % аткарылды, 2016-жылы  79980 тонна тоют даярдоо пландалып 81363 тонна тоют даярдалып 102 % аткарылган.
Район боюнча 2017-жылга 7 айыл өкмөтүндө  2778 м2  жерге 17 күнөскана (теплица)   курулуп иштеп жатышат. Мындан сырткары Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө 3 га 30 сотых  жерде тамчылатып сугаруу  иштери ийгиликтүү  жургүзүлүүдө.
Ошондой эле быйылкы жылы районубуздун дыйкан фермерлери  малекеттик эмес уюмдар менен жакындан иштөөлөрүнүн  натыйжасында  «ЮСАИД» бей өкмөт уюму тарабынан  Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагына эки жана Корул айыл өкмөтүнүн аймагында бир күнөсканалардын курулуштары  бүткөрүлүп пайдаланууга берилди.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок