Новость 20 октября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Күнөсканаларды жана тамчылатып сугаруу системаларын  куруп иштетүүгө фермерлердин кызыгуусу артып барууда.
 
Кыргыз Республикасынын  айыл чарба, тамак аш жана мелиорация министрлиги күнөсканаларды өнүктүрүү боюнча үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында Түштүк Корея элчилиги менен биргеликте 3 жолу республиканын  Баткен  облусунун Кадамжай, Талас облусунун Кара-Буура жана Жалал-Абад облусунун Ноокен  райондорунун, андан тышкары 15-сентябрда Түштүк Кореянын «Дангук» университети менен биргеликте Чүй облусунун Ысык-Ата районунда аймактык жана облустук деңгеелде окуу семинарларын өткөрдү.
Андан тышкары бактарды интенсивдүү технологияларды (тамчылатып сугаруу системасы) колдонуу жолу менен өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүп, жер-жерлерде практикалык окууларды өткөрүү пландаштырылууда. Атап айтканда Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Бирлик айыл аймагында үстүбүздөгү жылдын 24 - октябрында жана Халмион айыл аймагында 25 – октябрында райондук деңгээлде окутуу семинарларын өткөрүү болжолдонууда.  
Үстүбүздүн жылдын 1 - октябрына карата Республика боюнча 904 чарбакер субьектиси 2221,5 га жерге тамчылатып сугаруу системасын орнотушуп, 2016-жылга (623 даана) салыштырмалуу 281 чарбага жана  ээлеген аянты (1815,2 га) болсо 406,3 га чейин көбөйгөн.
Ошондой эле 1928 даана ар түрдүү типтеги күнөсканалар  курулуп ишке киргизилген жана алардын ээлеген аянты  154,9 гектарга жетти,  же 2016-жылдагы көрсөткүчкө (1448 даана) салыштырмалуу  480 даанага көбөйгөн жана ээлеген аянты 2016-жылдагы көрсөткүчкө (137,1 га) салыштырмалуу 17,8 гектар аянтка кеңейген.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок