Новость 19 октября

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда “Оомат-Агро” айыл чарба кооперативинин базасында талаа күнү өткөрүлөт

 

2017-жылдын 20-октябрында Ош облусунун Кара-Суу районунда “Оомат-Агро” айыл чарба кооперативинин базасында пахта өстүрүүнүн жаңы технологияларын өздөштүрүү жана пахтаны айыл чарба машинасы менен жыйноону көрсөтүү максатында талаа күнү өткөрүлөт.
Талаа күнүнө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш-өнөр жай жана мелиорация министри Н.Мурашев жана министрдин орун басары Э.Чодуев, министрликтин тиешелүү адистери жана Ош, Жалал-Абад облусунун дыйкандары катышат. Бул иш чаранын жүрүшүндө түштүк региондору үчүн өтө рентабелдүү болгон пахтаны айдоонун жана катар аралыктарын иштетүүнүн, оруп жыйуунун жаңы агротехникалык эрежелери жөнүндө сөз болуп, жаңы үлгүдөгү айыл чарба техникалары көрсөтүлөт.
Пахтанын түшүмүн жыйуудагы кол күчүн азайтуу жана кыска агротехникалык мөөнөттө жыйнап алуу үчүн дыйкандарга Өзбекстандан чыгарылган ТТ-Z-100HC трактору жана МХ-2.4 үлгүсүндөгү пахта жыйноочу машина иш жүзүндө көрсөтүлөт.
Мындан сырткары, бул техникаларды лизингке сатып алуу, техникалык тейлөө жана адистерди даярдоо боюнча дыйкандарга маалымат берилет.

 

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок