Новость 18 сентября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жанамелиорация министрлиги күнөсканаларды куруу жана теориялык, практикалык жактан тажырыйба алмашуу тууралуу семинар өткөрдү

 

2017-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана «Корея-Кыргыз Агроөнөржайборбору» менен биргеликте күнөсканаларды куруу жана теориялык, практикалык жактан үйрөтүү, тажырыйба алмашуу максатта семинар өткөрүлдү.
Семинарга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин орун басары Ж. Керималиев, Кыргызстандагы Түштүк Корея Республикасынын элчиси Джонг Бёнг-Ху, жана Чүй облусунун райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, ошондой эле дыйкан-фермерлер катышты.
Корея Республикасынын Күнөсканаларды куруу жана иштетүү боюнча адистери дыйкан –фермерлерге тажырыйбаларын бөлүшүп, суроолорун беришип жооп алышты.
Семинар теориялык жана практикалык эки түрдө өткөрүлүп, Ысык-Ата районундагы күнөсканаларды кыдырып көрүү менен жыйыйнтыкталды.
Кошумча маалымат:
Ушундай эле семинарлар Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Түштүк Корея элчилиги менен биргеликте 2017-жылдын 28-мартында Баткен облусунун Кадамжай районунда практикалык жана теоретикалык жактан фермерлерди окутуп үйрөтүү боюнча аймактык семинар, 2017-жылдын 23-майында Талас облусунун Кара-Буура районунда облустук семинар жана 2017-жылдын 13-июнунда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда аймактык семинарлар өткөрүлүп келүүдө.
Натыйжада республика боюнча 2017-жылдын 1-сентябрына карата 1541 даана ар түрдүү типтеги күнөсканалар курулуп ишке киргизилген жана алардын ээлеген аянты 145,0 гектарга жетти, же 2016-жылдагы көрсөткүчкө (1448 даана) салыштырмалуу 93 даанага көбөйгөн жана ээлеген аянты 2016-жылдагы көрсөткүчкө (137,1 га) салыштырмалуу 8,3 гектар жерге кеңейген.

 

 

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок