Новость 9 сентября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

 

“ЭлДан Аталык” айыл чарба үрөнчүлүк комплексинде сорт сыноо аянтында жүгөрүнүн жаңы сорттору менен таанышып жана алдыңкы технологияларды колдонуу ыкмаларын үйрөнүү жана тажырыйба алмашуу максатында семинар өткөрүлдү

 

2017-жылдын 8-сентябрында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопакровка айылында “ЭлДан Аталык” айыл чарба үрөнчүлүк комплексинде сорт сыноо аянтында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги үрөнчүлүк чарбалардын жүгөрүнүн жаңы сорттору менен таанышып жана алдыңкы технологияларды колдонуу ыкмаларын үйрөнүү жана тажырыйба алмашуу максатында семинар өткөрүлдү.
Семинарга КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин орун басары Ж.Керималиев, Россия Федерациясынын П.П.Лукьяненко атындагы Краснодар айыл чарба илим изилдөө институтунун доктору, жүгөрү целекция башчысы А. Супрунов, “ЭлДан Аталык” айыл чарба үрөнчүлүк комплексинин өкүлдөрү, министрликтин алдындагы талаачылыкты, үрөөнчүлүктү жана органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ж. Жумалиев жана Чүй обласынын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары Жана жергиликтүү дыйкан, фермерлери катышты.

Семинардын негизки максаты дыйкан-фермерлерди жүгөрүнүн майда үрөнчүлүк чарбалардын жаңы сорттору менен тааныштыруу жана алдыңкы технологияларды колдонуу менен тамчылатып суугаруу ыкмаларын колдонуп, тажырыйба алмашуу.
Россия Федерациясынын П.П.Лукьяненко атындагы Краснодар айыл чарба илим изилдөө институтунун доктору, жүгөрү целекция башчысы А. Супруновдун жетекчилиги алдында “ЭлДан Аталык” айыл чарба үрөнчүлүк комплексинин адистери тарабынан жүгөрүнүн сортторунун аргындары “Аталык 292 АМВ”, “Аталык 377 АМВ ”, “Аталык 425 МВ” иштелип чыккан жана мамлекеттик сыноодон өткөрүү үчүн берилген. Бул жүгөрүнүн үрөнүнүн жаңы сорттору 1 гектар аянт жерден 10 тоннадан ашык түшүм жыйноого мүмкүнчүлүк бар. 2018-жылы жүгөрүнүн үрөндөрүнүн жаңы сортун дыйкан-фермерлер пайызсыз насыя алуу менен пайдаланууга мүмкүнүлүк түзүлөт.
Семинардын жүрүршү теориялык жана практикалык жол менен эки түрдө өткөрүлүп, “ЭлДан Аталык” айыл чарба комплексинде сорт сыноо аянтында жүгөрүнүн жаңы сорттору менен таанышуу менен жыйынтыкталды. Талаа күнүнүн катышуучуларынын саны жүздөн ашты.

 

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок