Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департаментинин үстүбүздөгү жылдын II жарым жылдыгына коюлган иш пландарына ылайык, Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүнүн акыбалын мелиоративдик жакшыртуу максатында браконьерликке каршы күрөшүү боюнча иш чаралар жүргүзүлгөн.
2017-жылдын 29-августунда Департаментинин Ыссык-Көл-Нарын аймактык аралык бөлүмүнүн адистери тарабынан Соӊ-Көл көлүндө браконьерлердин жана чөгүп кеткен торлорду тазалоо боюнча балык өстүрүү-мелиоративдик иш чаралар жүргүзүлгөн. Соң-Көл көлүнүн акваториясында ишке ашырылган иш-чаралардын натыйжасы боюнча Кытай эл Республикасынан чыгарылган 350 даана торлор жыйналып, жалпысынан узундугу 35000 метр болгон торлор жокко чыгарылган.