Новость 6 сентября

 

Кара-Суу районунда 2018- жылга даярдалган үрөн, үрөн чарбалардын кампаларында сакталууда

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Кара-Суу районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери райондун аймагындагы үрөнчүлүк чарбалардын, кылкандуу дан эгиндеринин түшүмүн оруп жыйноо иштерин анализдөө максатында райондогу жети үрөнчүлүк чарбанын талааларын кыдырып чыгышты. Райондун аймагындагы үрөнчүлүк чарбалар жалпысынан 220,5 га жер аянтына, күздүк буудайдын, 15 га жер аянтынна арпанын үрөнү себилген. Натыйжада тийиштүү агротехникалык эрежелердин негизинде өстүрүпп 2018-жылдын түшүмүнүн жалпы 642,19 тн күздүк буудайдын, 45 тн арпанын жыйымын жетиштирип жыйнап алган. Орточо түшүмдүүлүк буудай 29,1ц/га түзүп ал эми арпанын түшүмдүүлүгү 30,0 ц/га ны түзгөн. Үрөн тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.Үрөн чарбалар буудайдын, Гром, Зубков,Уманка,Старшина, Половчанка жана Арман сортторун ал эми арпанын Ардак жана Кулиза сортторун эгишкен. Үрөн чарбаларга берилген 2018- жыл үчүн үрөн даярдоо тапшырмасы толугу менен аткарылган. 2018- жылга даярдалган үрөн, үрөн чарбалардын кампаларында сакталууда.

 

 

Сводка оруп жыйноо обл 04.09.17 скачать

 

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок