Новость 24 августа
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н. Мурашев Швейцариялык ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн эл аралык уюмунун директору М. Ишерди кабыл алды

 

2017-жылдын 24-август күнү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н. Мурашев Швейцариялык ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн эл аралык уюмунун директору М. Ишерди (Мындан кийин Хелветас долбоору) кабыл алды.
Жолугушуу мезгилинде Министр Н. Мурашев Хелветас долбоору мырза М. Ишер башчылыгында турган мезгилден баштап айыл чарба багытында бир топ жакшы иштер аткарылып жаткандыгын айтып, ыраазычылык билдирди. Айрыкча Жалал-Абад облусунда 2016-жылы ишин аяктаган «Биохлопок» долбоору тарабынан органикалык пахта өстүрүүчү дыйкандар тобу пайда болуп, азыркы мезгилде дагы иштеп келе жаткандыгын айтты.
Ал эми М. Ишер болсо «Биохлопок» долбоорунун ишин улантуучу мураскер эки ишкана «Биофермер» жана «Биохлопок» азыркы мезгилде жакшы иштеп ар жылы 400 тоннага чейин органикалык пахта буласын өндүрүшүп Европа мамлекеттерине сатып жаткандыгын белгилеп кетти.
Министр Н.Мурашев эгерде органикалык пахтанын буласына болгон учурдагы баадан 20%га жогору болуп, керектөөчүлөр тарабынан сатып алуу көлөмү көбөйсө, органикалык пахта өндүрүүчү фермерлердин санын көбөйтүүгө министрлик көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. М.Ишер азырынча талап кылынган көлөм аз болуп жаткандыгын айтып, бирок сунушту эске аларын билдирди. Жолугушууда үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрынан баштап М.Ишер пенсиялык эс алуу жашына жеткендигине байланыштуу, өз туулган жери Швейцарияга кетип жаткандыгын билдирди.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.Мурашев жана Швейцариялык ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн эл аралык уюмунун директору М. Ишер, «Швейцариялык эл аралык уюму Хелветас Интеркооперейшн «ВАПРО» долбоору тарабынан Жалал-Абад облусу боюнча пахтаны өстүрүү ирригация иштерин жакшыртууда алдыңкы заманбап ресурс үнөмдөөчү технологияларды киргизүү жана сууну үнөмдөө менен түшүмдүүлүктү жогорулатуу иштери боюнча кызматташуу келишимине» кол коюшту. Келишимге кол коюлган долбоордун сапаттуу иш-алып баруу үчүн жакшы шарттарды түзүп эмгектенүү зарыл экендигине токтолушту.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок