Новость 17 августа
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Ысык-Көл облусунун Түп районунда мөндүрдөн зыян тарткан айдоо аянттарды кыдырды

2017-жылдын 16-августтунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Ысык-Көл облусунун Түп районунда күтүүсүздөн жааган мөндүрдөн зыян тарткан жергиликтүү дыйкандар менен өз жерине барып жолукту. Түп районунда табияттын кырсыгынан жалпысынан 488,7 гектар айдоо аянты үзгүлтүкө учураган.
Жолугушууда Түп районунун Акимчилигинин өкүлдөрү, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана жергиликтүү айыл тургундары, дыйкандар болду.
Министр Н.Мурашев Түп районунун Кең-Суу, Байзак жана Сары-Төлөгөй айылдарынын жергиликтүү дыйкандарына жолугуп,  көйгөйлөрүн укту. Мөндүрдүн кесепетинен зыян тарткан айылдын тургундары жана  дыйкандар жардам берүүнү өтүнүп, кийинки жылга арпа, буудай үрөнүн камсыздап берүүнү өтүнүштү.
Жергиликүү дыйкандардын суроосуна Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.Мурашев төмөндөгүдөй жооп берди. “Урматтуу тугандар, табигый кырсыктан улам эмгегиңиздер талаага кетип олтурасыздар. Бул маселени ушул бойдон жөн калтырбай Өкмөткө да кайрылып, жардам көрсөтөбүз. Кийинки жылга 488,7 гектар айдоо аянтка  жетерлик, ушул жердин климатына туура келген, жакшы сапаттагы үрөн маселесин чечип берүүгө жана жер айдаган техикаларды уюштуруп, алардын май менен камсыздоого аракет кылам. Сиздерге белгилүү болгондой быйылкы жылы кыш узак болуп, табигый кырсык өлкөбүздө көп катталды. Түштүктө болгон жер көчкү кырсыктарынан адам өмүрү кыйылып, көптөгөн чыгымга учурашты. Быйыл мал чарбасында чөп аз, тоют азыктары кымбатоодо, көңүлүңүздөрдү чөктүрбөй аз пайыз болсо дагы түшүмүн жыйнап, саманын оруп-жыйнап алыңыздар” деп кайрылды.
Жолугушуунун жыйынтыктап жатып, айыл тургундары жана жергиликтүү дыйкандар суроолорду беришип жоопторду угушту.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок