Новость 11 августа
1144953 3 2x

Ысык-Көл облусунда Ак-Суу мамлекеттик сорт сыноо станциясыда “Айыл чарба негиздери” аттуу Эл аралык семинар өткөрүлдү

         2017-жылдын 1-августунан 5-августуна чейин Өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын башкаруунун интеграциялык системасы тууралуу AFACI долбоорун ишке ашыруу максатында “Айыл чарба негиздери” аттуу Эл аралык семинар өткөрүлдү. Ага Бангладеш, Бутан, Камбоджа, Индонезия, Кыргызстан, Лаос, Монголия, Мьянма, Непал, Филиппины, Шри-Ланка, Таиланд, Вьетнам жана Түштүк Корея болуп 14 мамлекеттин өкүлү катышты. Иш-чара Корея Республикасынын Айыл аймактарын өнүктүрүү администрациясынын AFACI жетекчилиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан уюштурулду. Семинардын башкы максаты сарамжалдуу пайдалануу үчүн өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын эффективдүү башкаруу алкагында тажрыйба жана маалымат алмашуу аркылуу мамлекеттер аралык өнөктөштүктү жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
AFACI (Азия кызматташтыгынын азык-түлүк жана айыл чарба тармактарындагы демилгеси ) Азия аймактарында айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө жардам көрсөтүү максатында 2009-жылы түзүлгөн. Ошондой эле, ал айыл чарбасында техникалык кооперациянын аркасы менен ырааттуу экономикалык өнүгүүгө демилге берүү менен алектенет. AFACI долбоорунун негизги ишмердүүлүгү айыл чарбасын жана тамак-аш технологиясын туруктуу өнүктүрүүдө эл аралык байланышты камсыз кылуу.
Семинардын негизги бөлүгү Ысык-Көл облусунда өтүп, катышуучулар Ак-Суу мамлекеттик сорт сыноо станциясына барып, Кыргызстанда өстүрүлгөн негизги айыл чарба өсүмдүктөрү менен тааныша алышты.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок