Новость 25 мая
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Бүгүн, КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы М.Ташболотов Кытай Эл Республикасынын Синьцзян өндүрүштүк-курулуш корпусунун кол башчысы Кун Синлун баштаган делегацияны кабыл алды.
Жолугушуунун негизги максаты эки тараптуу кызматташуу, биргеликте айыл чарба багытында долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат. Айыл чарбасында негизги приаритеттүү тармак болуп эсептелген тамчылатып сугаруу, күнөсканаларды куруу, логистикалык борборлорду ачуу туурасында М.Ташболотов айтып берди. “Бул жаатта сиздердин тажрыйбаңыздар мол. Сиздер тараптан болгон финансылык колдоону мына ушул багыттар боюнча атайын долбоорлорду аныктап алып, ошол жакка жумшап, бирге кызматташып иштейбиз” деди. Өз кезегинде Синьцзян өндүрүштүк-курулуш корпусунун кол башчысы Кун Синлун Кыргызстанда жайгашкан күнөсканаларды, сүт азыктарын кайра иштетүү ишканалары менен таанышып, жакындан көргүсү келгенин айтты. Кун Синлун айыл чарба тармагында иштеген бир топ кызматкер, бир катар айыл чарба өндүрүштүк компаниянын президенттери коштогон делегация менен келген. Ушундай эле делегациядан турган топту Кун Синлун Синьцзян өндүрүштүк-курулуш корпусунун иши менен таанышуу үчүн кыргыз тарапты Кытай жергесине чакырып өттү.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок