Новость 10 августа

 

Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын аткарылган иштер боюнча маалыматы

         Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармасы 2017-жылдын айдап себүү иштерине керектелүүчү 179 тонна пахта үрөнү, 72 тонна жүгөрү үрөнү,  5307 тонна картошка, 2,0 тонна күнкарама, 1300 кг ашык дарбыз үрөнү даярдалган.
Мындан сырткары 562 тонна дизелдик отун, 27 тонна дизелдик май, 87 тонна бензин, 11 тонна автол керектелүүсү керек болсо районубуздун аймагында май куйуучу заправкалар тарабынан күнүмдүк керектелүүчү күйүүчү жана майлоочу материалдар менен камсыз кылып келүүдө. Минералдык жер семирткичтер менен жеке ишкерлер камсыз кылууда.
Жазгы талаа жумуштарына карата 456 даана бардык маркадагы тракторлор болуп,  94 даана культиватор, 61 даана сеялка, 145 даана барана, 118 даана соколор 75 пайыз ремонттолуп иштеп жатат.
2017-жылдын вегетациялык мезгилине карата кожолуктар аралык жана ички чарбалык каналдар толугу менен оруп жыйноо иштери өз убагында аткарылды.
Айлана чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында 178,0 даана ар түрдүү дарактар эгилди.
2017-жылда бардык дан 6246 гектар бул өткөн жылга салыштырмалуу 474 гектарга аз, анын ичинен кылкандуу дан 3356 гектар өткөн жылга салыштырмалуу 378 гектарга көп, жүгөрү дан 2252 гектар өткөнн жылга салыштырмалуу 857 гектарга  аз, күрүч 132 гектар өткөн жылдын денгээлинде, 3433 гектар пахта өткөн жылга салыштырмалуу 837 гектарга къөп.  Май өсүмдүктөр 94 гектар былтыркы жылга салыштырмалуу 69 гектарга аз, картошка 1670 гектар былтыркы жылга салыштырмалуу 155 гектарга аз, жашылча 2426 гектар өткөн жылга салыштырмалуу 101 гектарга аз, дарбыз 1179 гектар өткөн жылга салыштырмалуу 36 гектарга көп   эгилгди.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок