Новость 2 августа

Ысык-Кѳл райондук суу чарба башкармалыгынын коррупцияга каршы иштери жѳнүндѳ маалымат

Ысык-Кѳл райондук суу чарба башкармалыгы Кыргыз Республикасынын 2015-2017-жылдардагы коррупцияга каршы Кыргыз Ѳкмѳтүнүн 2017-жылы 30-мартта бекитилген №170 токтомун жана Кыргыз Республикасынын айыл-чарба, тамак-аш, ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлигинин 2017-жылдын 14-июлунда №288 буйругун аткарууда башкармачылыкта тѳмѳндѳгүдѳй иштер жасалды.
Башкармачылык боюнча: 2014-жылдын 17-сентябрында №46-а буйругу чыгарылып, коррупцияга каршы иш-чара иштелип чыгып бекитилип, иш-чараны ишке ашыруу боюнча комиссия түзүлгѳн. Ар бир суу бѳлүмдѳрү жана насостук станция боюнча жооптуу кызматкерлер бекитилген. Ар бир участкада, насостук станцияда коррупцияга каршы арыздар үчүн кутуча жасалып коюлган. Башкармалыкта "Ишеним телефону",ваканттык орундар, суу жеткирип берүү акыларынын тарифи, механизм авто унаалардын кызмат кѳрсѳтүү тарифтери кѳрүнүктүү жерге илинген. Азыркы мезгилде коррупцияга каршы иш-чаралар жб.у.с жергиликтүү массалык каражатына берүүгѳ материалдар даярдалууда.
Жалпы башкармалык боюнча коррупция чыгышынын тобокелчиликтери аныкталып, «Мамлекеттик сатып алуу» боюнча мониторинг жана анализ жүргүзүү иштери жүрүүдѳ. Атайын коррупцияга каршы сайт жана стенд жасоо иштери башталды.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок